ОшМПУнун колледжинде студенттер үчүн профилактикалык конок-лекция өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде студенттерге “Баңгилик”, “Рекетчилик” жана “Интернеттеги алдамчылык” темаларында конок-лекция уюштурулду.

Лекцияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын факультеттер аралык кафедрасынын башчысы, милициянын полковниги Алмазбек Асилбеков жана аталган окуу жайдын окутуучусу, милициянын капитаны Жаңыбай Кадырбаев катышып, студенттерге кеңири маалымат беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө баңгизаттардын, энергетикалык суусундуктардын жана тамекинин зыяндуулугу тууралуу айтылып, жаштар арасында кеңири жайылып жаткан интернеттеги алдамчылыктардан сактануу жолдору түшүндүрүлдү. Ошондой эле социалдык тармактардагы шектүү маалыматтарга ишенбөө жана киберкоопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сунуштар берилди. Мындан сырткары, рекетчилик боюнча атайын видеоролик көрсөтүлүп, студенттер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган саамалык колледждин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Бүбүсайра Орозалиева, аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Маткасымова жана колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Өмүрбек Асилбек уулу тарабынан уюштурулду.