ОшМПУнун колледжинде “Орто кесиптик билим берүү- менин ийгиликтүү келечекке жол ачкан тандоом” аттуу тегерек стол өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “Орто кесиптик билим берүү- менин ийгиликтүү келечекке жол ачкан тандоом” атту тегерек стол өткөрүлдү.
Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, колледждин окутуучулары жана студенттери катышты. Бул менен бирге ОшМУнун филология жана эл аралык байланыштар институнун факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучусу Жазгул Ражаматова, Кыргыз - Өзбек Эл аралык университетинин билим берүү инновациялары колледжинин окутуучусу Майрамкан Анаркулова, Ош шаарындагы "Мечта" балдар бакчасынын директору Бактыгүл Абдраева жана №28 "Учар" жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими Өмүркан Жунусбаева атайын конок катары чакырылган.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө окуу жайдын тарыхы жана жетишкендиктери жөнүндө видео тасма көрсөтүлдү. Аны улай окуу жайдын 1-курсунун студенттери “ Кесибим- менин келечегим” аталышында даярдап келген презентациялары менен тааныштырып, өз кесибин даңзалашты. Жыйындын 3-бөлүгүндө келген коноктор өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерге ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле тема боюнча эркин форматта суроо-жооп, пикир алмашашуулар жүрдү.
Жыйынтыгында келген конокторго белектер жана ыраазычылык баракчалары тапшырылып, активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланышты. Саамалыктын башкы максаты орто кесиптик билим берүүнүн коомдогу жана жаштардын келечегин аныктоодогу ордун көрсөтүү, студенттердин кесиптик өз алдынчалыгын жана тандаган адистигине болгон жоопкерчилигин калыптандыруу жана иш берүүчүлөр менен билим берүү мекемелеринин кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.
Белгилей кетсек аталган тегерек стол университеттин 100 жылдык мааракесине карата колледждин дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучулары Гүлзат Казиева жана Куштарбек Темирбаев тарабынан уюштурулду.
Жаңы комментарий кошуу