ОшМПУнун 57 жыл мурунку жетекчиси Канада Салимбаевага Агартуу министрлигинин юбилейлик медалы тапшырылды

18-ноябрь  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев жана Профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жылкычы уулу окуу жайдын 1966-1968-жылдардагы директору 95 жаштагы Канада Кадыровнадан кабар алып, атайын үйүнө барып жолугуп кайтышты.

Жолугушуу учурунда ректор Канада Салимбаевага КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын атынан “Кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл” юбилейлик күмүш медалын салтанаттуу тапшырды. Ошондой эле ректор ОшМПУ жамаатынын атынан ыраазычылык билдирип, университеттин 100 жылдыгына арналган мааракелик китепти, майрамдык белектерди, статуэтка жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Мындан жарым кылым мурун окуу жайды жетектеп, эмгегин билим берүүгө арнаган Канада Салимбаева бул сыйлыкты чоң кубаныч менен кабыл алып, өз сөзүндө атайын көңүл бөлүп, сыйлык тапшырып отурган министрликке жана окуу жай жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуу чай үстүндөгү жылуу маек жана ошол доордун тарыхый эскерүүлөрү менен коштолду. Ардагер агартуучу бул жолугушууга өзгөчө кубанып, ак батасын берип узатты.

Учурда Канада Салимбаева Ош облусунун Араван районунда бактылуу карылыктын доорун сүрүп келет. Ал — төрт кыздын мээримдүү энеси, неберелерине сыймыктуу чоң эне. Кыздары жана неберлери да түрдүү кесиптерди аркалап, илим жактап, агартуу тармагына салып кошуп, мыкты интеллегенциялык үй-бүлөнүн үлгүсүн көрсөтүп келишет. Айрыкча небереси Кочубаева Шайыр Махмудовна АКШнын Гарвард университетинде проректорлук кызматты аркалап, эл аралык деңгээлдеги ийгилиги менен сыймык жаратууда.