ОшМПУнун окутуучулары «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркында илимий экспедиция жүргүзүштү

2026-жылдын 7–9-август күндөрү Алатай мамлекеттик жаратылыш паркы аймагында илимий экспедиция уюштурулуп, жаратылыш экосистемаларынын учурдагы абалын комплекстүү изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Экспедициянын негизги максаты парктын флорасы менен фаунасына мониторинг жүргүзүү, дарак жана бадал өсүмдүктөрүнүн түрдүк курамын аныктоо, климаттын өзгөрүшүнүн дендрофлорага тийгизген таасирин баалоо жана экологиялык абалды илимий негизде талдоо болду.

Талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө заманбап технологиялар колдонулуп, дрон аркылуу байкоо жүргүзүлдү. Ошондой эле Тянь-Шань карагайы, Семенов пихтасы, ак кайың жана башка дарак түрлөрүнөн үлгүлөр (керндер) алынып, алардын өсүү динамикасын жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоого багытталган илимий маалыматтар топтолду.

Экспедицияга Ош технологиялык университети программасынын жетекчиси, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Б.Н. Шамшиев, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин илимий иштер боюнча проректору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Р.Р. Абсатаров, “Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу” кафедрасынын окутуучулары Д. Апыев жана А. Мамасадык уулу, ошондой эле парктын улук илимий кызматкери Ү.К. Сарбанова жана Б. Максымов менен Ж. Токтоназаров катышышты.

Мындай илимий экспедициялар жаратылыш экосистемаларын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө жана климаттык өзгөрүүлөрдүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.