ОшМПУнун окутуучулары Ташкенттеги консерваторияда тажрыйба алмашып келишти

2026-жылдын 4-мартында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинин өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарындагы Өзбекстан мамлекеттик консерваториясына тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен барып келишти.

Мында аталган факультеттин деканы Кундуз Минбаева, музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын башчысы Турат Муратов, окутуучулар Аптап Нышанова, Наргиза Абдиева жана студенттер катышты.

Сапардын алкагында эки окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүк жана билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлдү. Катышуучулар консерваториядагы сабак өтүү усулдары менен таанышып, музыкалык билим берүүдөгү жаңы ыкмалар боюнча пикир алышты.

Ошондой эле кыргыз жана өзбек элдик музыкалык аспаптарынын байланышы, улуттук музыкалык мурастарды окутуу жолдору боюнча ачык сабактар жана мастер-класстар уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз жана өзбек элдик чыгармалары аткарылып, эки элдин маданий жакындыгын айгинелеген чыгармачылык алмашуулар орун алды.

Бул сыяктуу жолугушуулар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, окуу жайлар ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө жана студенттер менен окутуучулардын чыгармачылык байланышын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.