ОшМПУнун окутуучулары жана студенттери «Боорукер» социалдык мекемесиндеги карыялардан кабар алышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин окутуучулары жана студенттери Ош шаарындагы «Боорукер» социалдык мекемесине барып, анын жашоочуларынан кабар алышты.

Иш-чаранын алкагында студенттер мекеме жашоочуларына азык-түлүк, таттуулар жана өз колдору менен даярдаган белектерин тапшырып, алар менен баарлашышты.

Жолугушууда улуу муундун өкүлдөрү жаштарга ак батасын берип, жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.

Белгилей кетсек бул сыяктуу иш-чаралар улуу муунга камкордук көрсөтүү менен бирге, жаштарды улууларды урматтоого, боорукердикке жана адамгерчиликке үндөп, коомдук жоопкерчилигин арттырууга тарбиялайт