ОшМПУнун ректору "Профессор Каратай Сартбаев" атындагы төш белги менен сыйланды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинун ректору Бекмурза Зулуев көрүнүктүү педагог-окумуштуу, профессор Каратай Сартбаев атындагы төш белги менен сыйланды.
Сыйлыкты педагогика илимдеринин доктору, профессор Сайипжамал Сакиева окуу жайга болгон иш сапарынын алкагында тапшырды. Аталган төш белгини ыйгаруу чечими профессор Каратай Сартбаевдин ысымын даңазалоого жана анын илимий-педагогикалык мурасын жайылтууга кошкон зор салымы үчүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул сыйлык университеттин улуттук билим берүү мейкиндигинде илимди жана педагогикалык мурастын баалуулуктарын өркүндөтүүгө кошуп жаткан салымын дагы бир ирет айгинеледи.
Жаңы комментарий кошуу