ОшМПУнун студенти дүйнөлүк мелдеште 3-орунду багындырды

Тогуз коргоол боюнча Казакстандын Алматы шаарында өткөн II дүйнөлүк чемпионатта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти өлкө намысын коргоп, 3-орунга ээ болду.

Бул ири мелдешке дүйнөнүн төрт тарабындагы 40тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышып, алар спорттун тогуз коргоол түрү боюнча күч сынашты. Дүйнө биринчилигинде Колледждин англис тили адистигинин 2-курсунун студенти Азема Эсеналиева 17 жашка чейинкилер арасында (U-17) байгелүү орунду камсыздады. Жаш спортчу диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Машыктыруучусу — ОшМПУнун ага окутуучусу Болот Эрбатыров. Аталган мелдеш 17–23-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн.

Окуу жай жамааты жаш спортчуну бул жеңиши менен кызуу куттуктайт жана алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди багындыруусуна тилектештигин билдирет. Белгилей кетсек, Азема Эсеналиева буга чейин, 2021-жылы Казакстандын Актобе шаарында өткөн Азия чемпионатында да 3-орунду багындырган.