ОшМПУнун студенттери web-технологиялар боюнча республикалык сынакта ийгилик жаратты
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттеринен куралган команда республикалык деңгээлдеги чемпионатта жогорку жыйынтык көрсөтүп, байгелүү орунга ээ болду.
2026-жылдын 21–23-февраль күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча II республикалык чемпионат өткөрүлдү. Аталган сынакта окуу жайдын математика жана компьютердик технологиялар факультетинин “Кузницы Гефеста”командасы web-технологиялар багыты боюнча 4-орунду ээлеп, 10 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Команданын курамына Таскира Кошой кызы, Ороз Акылыбеков жана Пирназ Эрнаев кирип, аларды окутуучу Айсырга Ырысбаева жетектеди. Бул жетишкендик студенттердин санариптик көндүмдөрүн өркүндөтүп, инновациялык ой жүгүртүүнү жана командалык иштөө маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Окуу жай жамааты студенттерди жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы окууларында жана чыгармачылык изденүүлөрүндө чоң ийгиликтерди каалайт.
Жаңы комментарий кошуу