ОшМПУнун сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери жаңы жылдык майрамдык маанай тартуулашты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде музыкалык-педагогикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери тарабынан отчёттук концерт уюштурулду.

Иш-чара келе жаткан жаңы жыл майрамын утурлай “Уңгу жол менен өнүккөн коом – бекем келечек” аталышында өтүп, анын алкагында ар түрдүү тематикалык көркөм номерлер тартууланды. Мында аталган факультеттин музыкалык билим берүү адистигинин сырттан окуу бөлүмүнүн МДЗ-1-23 тайпасынын студенттери өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүп, көрүүчүлөргө майрамдык шаң тартуулашты.

Ыр майрамга университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышып, таланттардын өнөрүнө, сахнадагы өзүн алып жүрүүсүнө жана чыгармачылык дараметине жакындан күбө болушту.

Концерттик программа аяз ата, аяз кыздын коштоосунда башталып, мында обондуу ырлар жаңырып, бийлер, акыйнектер жана кызыктуу интермедиялар жогорку чеберчилик менен аткарылды. Бул менен бирге кыргыз элинин улуттук ырлары, элдик жана автордук обондор, хордук чыгармалар жаңырып, ар бир номер өзгөчө табит жана чыгармачылык изденүү менен даярдалганы байкалды. Көрсөтүлгөн өнөрлөр көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жылуу кол чабуулар менен коштолду.

Аталган отчёттук концерт студенттердин окуу жылы ичинде алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтүүсүнө, чыгармачылык потенциалын ачууга жана сахналык тажрыйбасын арттырууга чоң өбөлгө түздү.

Соңунда музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын жетекчилиги, окутуучулары жана аталган тайпанын куратору Клара Абдыразакова катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге жогорку деңгээлде даярдалган концерт үчүн терең ыраазычылык билдиришти.