ОшМПУ БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Борбордук Азия университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин (ШПНО УЦА) өкүлдөрү менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Мында коноктор ШПНО директору Диловар Бутабеков, ШПНО Кыргызстан жетекчиси Нурбек Нишарапов жана БАУнун Ош шаарындагы Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун координатору Алина Ташыбаевалар алгач ректор Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү кызматташуу жана үзгүлтүксүз билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, методикалык тажрыйба алмашуу, адистерди тартуу жана окутуучулар менен студенттердин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды.
Натыйжада тараптар ортосунда кызматташуу меморандумуна расмий кол коюлду. Документ эки тараптын өз ара кызматташуусунун негизги багыттарын аныктайт. Анын ичинде биргелешкен окуу курстарын уюштуруу, илимий иш-чараларды өткөрүү, методикалык ресурстар менен алмашуу жана Ош шаарындагы Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун ишмердигин колдоо каралган.
Меморандумга кол коюу билим берүү жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана региондогу алдыңкы билим берүү уюмдарынын ортосундагы академиялык өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөт. Тараптар мындан аркы кызматташтык өлкөнүн түштүк аймагындагы билим берүүнүн жана илимдин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деген ишенимдерин билдиришти.
Жаңы комментарий кошуу