ОшМПУ ЖАШТАРЫ КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН ФОРУМУНА КАТЫШТЫ
10-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу жаштар форуму болуп өттү.
Иш-чарага өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген жаш активисттер, жаш ишкерлер, студенттер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана мектеп президенттери катышып, жалпы 5000ден ашуун жаштарды бир аянтчага бириктирди. Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу, жаштар комитетинин төрагасы Чыңгыз Кадырмамат уулу жана анын орун басары Тилек Мамасалиевдер да катышты.
Аталган форум жаштардын баарлашуусуна, пикир алмашуусуна жана өз ара кызматташтыгына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Ар кандай тармактарда ийгилик жараткан жаштар Кыргыз Республикасынын Президентине жаштардын атынан кайрылуу жасашты.
Өз сөзүндө өлкө башчы Садыр Жапаров жаштарды майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалап, жаштарды колдоого багытталган мамлекеттик саясат тууралуу айтып өттү.
Форумдун алкагында министр Мирбек Мамбеталиев жаштардын өкүлдөрүнө бир катар ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле министрлик тарабынан өткөрүлгөн «Жаштардын демилгелерин колдоо» жана «Жаштарга жана балдарга ыңгайлуу шаар» сыяктуу долбоорлордун жана конкурстардын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Мындан сырткары жаштар уюмдары форумдун катышуучуларына өз багыттары боюнча долбоорлору тууралуу кеңири маалымат беришти.
Жаңы комментарий кошуу