ОшМПУ КАЗАКСТАНДЫН АРКАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Казакстан Республикасынын Ыбырай Алтынсарин атындагы Аркалык педагогикалык университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Макулдашууга ылайык, эки окуу жай билим берүү, илим, маданият жана академиялык мобилдүүлүк багыттарында кызматташтыкты өнүктүрөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев эки университеттин өнөктөштүгү билим берүү тармагындагы байланышты чыңдап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын белгиледи. Ошондой эле ал Аркалык педагогикалык университетинин тажрыйбасына жогору баа берип, келечектеги биргелешкен иштер жемиштүү болоруна ишеним билдирди.
Ал эми Аркалык педагогикалык университетинин илимий иштер жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Турлыбек Аслан Едилхан уулу бул кызматташтык достук алакаларды бекемдеп, илим-билим жаатындагы байланышты жаңы деңгээлге көтөрөрүн айтты.
Тараптар академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүү, окутуучулар менен студенттердин стажировкаларын уюштуруу, кош диплом берүүчү программаларды ишке ашыруу жана заманбап билим берүү технологиялары боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.
Аталган меморандум эки университеттин эл аралык байланышын кеңейтүүгө жана билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт
Жаңы комментарий кошуу