ОшМПУ Түркиянын “Маариф” мамлекеттик билим берүү фонду менен кызматташат Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Түркиянын Маариф мамлекеттик билим берүү фондунун өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өттү. Жолугушуунун негизги максаты - жогорку билим берүү, илим жана эл аралык кызматташуу багытындагы байланыштарды кеңейтүү болду. Делегациянын курамында “Маариф” фондунун Кыргызстандагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин директорунун орун басары Рахми Орал, ошондой эле фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун академиялык маселелер боюнча орун басары, п.и.д., профессор Кыялбек Акматов баштаган өкүлдөр болду. Конокторду университеттин ректору Бекмурза Зулуев кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү системасындагы заманбап тенденциялар, студенттердин кесиптик даярдыгын күчөтүү, академиялык байланыштарды өнүктүрүү жана илимий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында Сапат эл аралык билим берүү мекемеси менен өндүрүштүк практикаларды уюштуруу, студенттерге практикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана окутуучулардын билимин жогорулатуу багытында кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул кызматташтык эки тараптын билим берүү жаатындагы байланышын чыңдап, келечекте жаңы долбоорлордун ишке ашуусуна өбөлгө түзөт. Белгилүү болгондой, “Маариф” фонду Кыргызстандагы бир катар билим берүү мекемелерин, анын ичинде Ала-Тоо Эл аралык университетин дагы камтып, билим берүү тармагында активдүү иш алып барып келет.
12.05.2026
Жаңы комментарий кошуу