ОшМПУ ЭЛ АРАЛЫК НААР АГЕНТТИГИ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
Эл аралык НААР ( IAAR) агенттигинин эксперттик комиссиясынын 2025-жылдын 25-декабрындагы (№99 протоколуна) чечимине ылайык Ош мамлекеттик педагогикалык университети көз карандысыз аккредитациядан билим берүү багытындагы үч программасы 5 жылга, бир программасы 3 жылга ийгиликтүү өттү.
Тышкы эксперттик комиссия Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана билим берүү программалары эл аралык аккредитациядан өтүү үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берет деп чечим чыгарды жана айрым сунуштарды да белгилеп өтүштү.
Эл аралык аккредитациянын сертификатын алуу билим берүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатынын кепилдиктерин, алардын эл аралык талаптарга шайкештигин ырастайт. Ошондой эле университетте татыктуу билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, окуу жайдын алдыда ишенимдүү кадамдарга багыт алуусуна шарт түзөт.
Тышкы баалоонун жыйынтыгын эске алуу менен, Аккредитациялык кеңеш Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин төмөнкү билим берүү программалары эл аралык аккредитация алуу талаптарына жооп берет деп таап, төмөнкү мөөнөткө аккредитациялады:
1. 550700 Педагогика (бакалавриат) – 5 жылга
2. 550300 Филологиялык билим берүү (бакалавриат) – 5 жылга
3. 550200 Физика-математикалык билим берүү (бакалавриат) – 5 жылга
4. 550100 Табигый илимдер багытындагы билим берүү (бакалавриат) – 3 жылга
НААР (Аккредитациялоо жана рейтингдин көз карандысыз агенттиги) жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү менен, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү дүйнөнүн 15 өлкөсүндө жогорку окуу жайлардын билим берүү ишмердүүлүгүнө көз карандысыз, калыс жана кесипкөй баа берүүнү ырааттуу түрдө жүргүзүп келет.
Учурда НААР агенттигинин эксперттик комиссиясынын сунуштарына ылайык тиешелүү иш аракеттерди аткаруунун иш мерчемдери түзүлүп жатат.
Жаңы комментарий кошуу