ОшМПУ жазгы үч айлыктын жыйынтыгы менен мыкты деп таанылды
Бүгүн, Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү” тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча жарлыгынын алкагында жарыяланган “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгы чыгарылды.
Анын алкагында атайын салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев баштаган мекеме-ишканалардын, ЖОЖдордун жетекчилери жана тийиштүү өкүлдөр катышышты.
Жалпы 1-марттан 31-майга чейин уланган үч айлык тазалоо иштерине Ош мамлекеттик педагогикалык университети өз жигердүүлүгүн көрсөтүп, ишмердүүлүгү мыкты деп табылгандыгы үчүн атайын ыраазычылык баракча жана баалуу белектер менен сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэр алгач үч ай бою жасалган иштер менен таанышып чыгып, жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, бул саамалыктын алкагында Ош шаарында түрдүү гүлдүн, бак, бадалдардын көчөттөрү отургузулуп, таштанды үкөкчөлөр орнотулуп, бетон тосмолор сырдалды. Ошондой эле суу каналдар тазаланып, бир канча көрүстөндөр жашыл аймакка айланып, ушул сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
Жаңы комментарий кошуу