ОшМПУ: Академик Бектемир Мурзубраимовго арналган илимий конференция өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде химия илимдеринин доктору академик Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү.

“Өмүрү өрнөк инсан жана педагогикалык билим берүүнүн учурдагы актуалдуу маселелери” аталышындагы бул иш-чарага окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, табият таануу жана география факультетинин деканы Гулмира Долонова баштаган окутуучулар, магистранттар жана студенттер катышты. Алар залкар окумуштуунун илимдеги жана коомдук ишмердүүлүгүндөгү зор салымын белгилеп, куттуктоолорун айтышты.

Пленардык жыйында окутуучулар Анарбай Бабеков, Чынара Акматова көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, академик Бектемир Мурзубраимовдун өмүр жолу, илимий ишмердүүлүгү, ошондой эле STEM технологияларынын окутууда колдонулушунун өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндамаларын сунушташты. Бул менен бирге студенттер көп тилдик билим берүү шартында биология сабагын STEM ыкмалары менен интеграциялоонун инновациялык мүмкүнчүлүктөрү жана интерактивдүү симуляциялардын окутуудагы эффективдүүлүгү боюнча өз докладдарын окушту.

Андан соң катышуучулар төрт секцияга бөлүнүштү. Конференцияга жалпысынан 80ден ашуун илимий макала келип түшкөн. Белгилей кетсек, бул саамалык табият таануу жана география факультети тарабынан академик Бектемир Мурзубраимовдун илимге жана билим берүү тармагына кошкон зор салымын даңазалоо, ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулду.