ОшМПУ: БҮЙҮР КЫЗЫТКАН БАСКЕТБОЛ ОЮНУ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулар жана кызматкерлер арасында өтүп жаткан кышкы спорттук спартакиада жогорку активдүүлүк менен уланууда.

Бул ирет мелдештин алкагында шамдагайлыкты, тактыкты жана командалык ынтымакты талап кылган баскетбол оюну өткөрүлдү. Мелдешке окутуучулардан жана кызматкерлерден түзүлгөн командалар катышып, жобого ылайык ар бир курамда 3 эжеке жана 2 агайдан ойношту.

Оюн айлампа системасында өтүп, ар бир команда жеңиш үчүн болгон күчүн жумшады. Күйөрмандардын кызуу сүрөөнү жана оюнчулардын курч атаандаштыгы мелдешке өзгөчө шаң кошту.

Жыйынтыгында 3-орунду табият таануу жана география факультети, 2-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультети, ал эми 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин командасы багындырды. Спартакиада алдыда стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат оюндары менен уланат.