ОшМПУ: Гуманитардык факультети “Christmas” (Рождество) майрамын белгиледи
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде “Christmas” (Рождество) майрамына арналган маданий-тарбиялык иш-чара уюштурулду.
Бул саамалык англис тили адистигинин 2-курстарынын студенттери тарабынан өткөрүлүп, жаштардын лингвомаданий компетенциясын өнүктүрүү, дүйнөлүк маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана көп маданияттуулукка сый-урмат менен мамиле кылууга тарбиялоо максатын көздөйт.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан атайын даярдалган сценкалар көрсөтүлүп, “Christmas” майрамына мүнөздүү ыр-бийлер аткарылды. Ошондой эле интерактивдүү оюндар уюштурулуп, активдүү катышкан студенттерге белектер тапшырылды.
Мындан сырткары, жыл жыйынтыгында окууда жетишкен ийгиликтери жана тарбиялык иштерге активдүү катышуусу менен айырмаланган студенттерге факультет тарабынан ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.
Жаңы комментарий кошуу