ОшМПУ: КОЛЛЕДЖДЕ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “Баланын ийгилиги – ата-эненин колдоосунда” аталышындагы ата-энелер чогулушу өткөрүлдү.
Иш-чарага колледждин башчысы Токторбай Кырбашев, экономика жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы Алимбек Шапиев баштаган окутуучулар жана аталган кафедранын финансы жана социалдык иштер адистигинде окуп жаткан студенттер ата-энелери менен бирге катышты.
Жолугушуунун ачылышында колледждин башчысы Токторбай Кырбашев кыскача сөз сүйлөп, ата-энелер менен мындай байланыштардын маанилүүлүгүнө токтолду. Андан соң кафедра башчы Алимбек Шапиев “Баланын ийгилиги ата-эненин колдоосунда” темасынын алкагында билим берүү жана бала тарбиялоо процессиндеги көйгөйлүү маселелерге токтолуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Бул менен бирге ата-энелерге балдарын учурдагы терс көрүнүштөрдөн алыс кармоо, студенттердин окуу жана жашоо процесстерин биргеликте көзөмөлдөө боюнча кеңештер берилди. Ошондой эле катышуучулар ар бир тайпа тууралуу маалымат, окуу программалары, университеттин миссиясы жана студенттердин катышуу, жетишүүсү менен тааныштырылды.
Саамалыктын алкагында таланттуу студенттер даярдаган сахналык көрүнүш жана чакан концерттик программа көрсөтүлүп, ата-энелерден пикирлерди алуу үчүн анкета жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар колледжде салтка айланып, студенттердин окуу сапатын жогорулатуу, тартибин көзөмөлдөө жана келечектеги кесипкөй адистерди даярдоо максатында ар семестр сайын уюштурулуп келет.
Комментарийлер
Саламатсыздарбы кзызымды каттайын дедим эле коллежге
Жаңы комментарий кошуу