ОшМПУ: Кесиптик бирлик комитетинин сыйлыктары тапшырылды
Жаңы жыл майрамын утурлай Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чара өттү. Анда окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан жыл ичинде жигердүү иш алып барган профсоюз мүчөлөрү сыйланды.
Саамалыкка университеттин ректору Бекмурза Зулуев, ОшМПУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жылкычы уулу, баштапкы түзүмдөрдүн профкомдору, окутуучулар жана кызматкерлер катышты.
Иш-чаранын алкагында окуу жайдын 100 жылдык мааракесине жана келе жаткан жаңы жыл майрамына карата билим берүү, илим, коомдук-маданий жана спорттук иштердеги активдүүлүгү үчүн 12 окутуучуга кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Ошондой эле окуу жайда эмгектенген 10 кызматкерге “Жалал-Абад” санаториясына 6 күнгө акысыз жолдомолор ыйгарылды. Бул жолдомолор кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, саламаттыгына кам көрүү максатында уюштурулду.
Белгилей кетсек, аталган сыйлык ээлери факультеттердин жана бөлүмдөрдүн сунушу менен тандалып алынган.
Жаңы комментарий кошуу