ОшМПУ: Колледжде Ош ШИИБ кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Саамалык студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатын көздөйт.
Жолугушууда Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын майору Шумкарбек Абдиев студенттерге укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Студенттерге тартипсиздикке, зомбулукка жана ар кандай укук бузууларга аралашуунун, ошондой эле терс адаттардын адамдын келечегине тийгизе турган кесепеттери түшүндүрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бүгүнкү күндө актуалдуу болгон интернеттеги алдамчылык жана киберкоопсуздук маселелери да талкууланды. Студенттерге белгисиз адамдардан келген чалууларга, билдирүүлөргө жана шектүү шилтемелерге этият мамиле кылуу, жеке маалыматтарды, банктык карталардын реквизиттерин жана сырсөздөрдү бөтөн адамдарга бербөө зарылдыгы эскертилди.
Мындан тышкары, интернет мейкиндигинде шектүү сунуштарга алданып калбоо жана алдамчылык фактыларына туш болгон учурда тиешелүү органдарга кайрылуу боюнча практикалык кеңештер берилди. Жолугушуу студенттердин суроо-жооптору менен уланып, алар кызыктырган маселелер боюнча адистерден жооп алышты.
Колледжде студенттердин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу, коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштерин мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүү улантылат.
Жаңы комментарий кошуу