ОшМПУ: Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде ата-энелер жыйыны өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинин информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы тарабынан колдонмо математика жана информатика адистигинде билим алып жаткан студенттердин ата-энелеринин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Ага факультеттин деканы Венера Исакова жана кафедра башчысы Айнура Орозбаева катышып, ата-энелерге билим берүү процессинин өзгөчөлүктөрү, студенттердин жетишкендиктери, алар үчүн түзүлгөн шарттар жана академиялык мобилдүүлүк тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле сөз адистиктин негиздөөчүлөрүнүн бири, кафедранын ардагер окутуучусу Кандалаткан Турдубаевага берилип, ал информатика жана колдонмо математика адистигинин бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу, өзгөчөлүктөрү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.
Жыйында окуу иштери боюнча декандын орун басары Акылай Жумабаева, улук окутуучулар Кулуйпа Бердибекова жана Айсырга Ырысбаева сөз сүйлөп, студенттердин окуудагы жетишкендиктери, тарбиялык иштер жана алдыдагы максаттар тууралуу маалымат беришти. Мындан сырткары, окууда ийгиликтерди жаратып, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттердин ата-энелерине факультет жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Соңунда ата-энелер тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, окуу жайдын жамаатына ыраазычылыктар билдирилди. Иш-чара ата-энелер менен окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана студенттердин билим алуусун колдоого багытталган маанилүү жолугушуулардын бири болду.
Жаңы комментарий кошуу