ОшМПУ: Санарип технологиялар аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде билим берүү процессинде санарип технологияларды натыйжалуу колдонууга багытталган 72 сааттык семинар уюштурулду.

Ага университеттин окутуучулары жигердүү катышты. Семинардын спикерлери “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин квалификацияны жогорулатуу жана инновация институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты Кундуз Жузупбекова жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагуловалар болуп, мында алар катышуучуларга өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу, интерактивдүү платформалар менен иштөө, санариптик ресурстарды сабак процессине туура интеграциялоо маселелери кеңири каралды. Катышуучулар теориялык маалыматтар менен катар практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүп, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетсек аталган семинар окутуунун сапатын жогорулатууга жана педагогдордун кесиптик компетенциясын өнүктүрүүгө багытталды.