ОшМПУ: “Колледж периси – 2026” кароо-сынагы өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Колледж периси – 2026» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Иш-чара колледждин жаштар комитети жана окуу жайдын аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага колледждин ар бир адистигинен тандалып алынган 7 студент кыз катышты. Мында катышуучулар сынактын жобосуна ылайык саламдашуу, интеллектуал айым, таланттуу айым жана ийкемдүү пери аттуу 4 этапта өз өнөрлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Зор атааңдаштык менен коштолгон сынактын жүрүшүндө кыздардын таланты, билими, сахна маданияты, эстетикалык табити жана сулуулугу атайын дайындалган калыстар тобу тарабынан ар тараптуу бааланды. Ар бир катышуучу өз номерине кылдат даярдык менен чыгып, чыгармачылык деңгээлин жогорку деңгээлде көрсөтө алды.

Жыйынтыгында 3-орунга БК-24-11 тайпасынын студенти Тахмина Айбек кызы жана АН-25-3 тайпасынын студенти Жаркынай Калмаматова татыктуу болуп, “Ажарлуу пери – 2026” номинациясы менен сыйланды. 2-орунду ФИН-24-1 тайпасынын студенти Жасмина Токурова “Таланттуу пери – 2026” номинациясы менен ээледи. Ал эми 1-орунду БК-23-2 тайпасынын студенти Элиза Жапарова багындырып, “Колледж периси – 2026” кароо-сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Мындан сырткары байгелүү орундарга ээ болгон жеңүүчүлөргө саякатка жолдомолор, уюштуруу тобу тарабынан акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек алдыңкы орунду ээлеген 1- жана 2-орундун катышуучулары “ОшМПУ периси -2026” сынагына катышууга жолдомо алышты. Аталган кароо-сынактын негизги максаты – студент кыздардын эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын жайылтуу, ошондой эле таланттуу, ички дүйнөсү бай жаштарды коомчулукка таанытуу болуп саналат.