ОшМУнун доценти ОшМПУда конок-лекция өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде кезектеги конок-лекция уюштурулду.

Аталган саамалык Кыргыз-Россия факультети тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин “Уңгужолу” жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, ага факультеттин деканы Айдың Токтосунова баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чаранын коногу катары Ош мамлекеттик университетинин доценти Асылбек Айманбетов чакырылып, ал катышуучуларга “Саламдашуу адеби” темасында мазмундуу лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан саламдашуу маданияты, анын тарыхый өнүгүү баскычтары, ошондой эле азыркы коомдогу орду жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар теманын алкагында кызыктуу суроолорду узатып, пикир алышты.

Белгилей кетсек, конок-лекция эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, педагогикалык тажрыйба алмашуу жана студенттердин руханий-маданий баалуулуктарын байытуу максатында уюштурулду.