САНАРИПТИК ДООРДОГУ ФИЛОЛОГИЯ: ОшМПУда МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН ИННОВАЦИЯЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ
2026-жылдын 10-мартында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде филологиялык билим берүү багытынын англис тили профилинде билим алып жаткан магистранттар үчүн “Philological Education in the Digital Era” (Санариптик доордогу филологиялык билим берүү) аталышындагы инновациялык семинар өткөрүлдү.
Семинар салттуу лекция форматынан айырмаланып, теория менен практиканы айкалыштырган интерактивдүү сабак катары уюштурулду. Мында англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын башчысы Нургүл Кидиралиева баштаган окутуучулар курамы баяндама жасап, санариптик доор шартында филологиялык билим берүүнүн жаңы ыкмалары тууралуу кеңири маалымат беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар кызыктуу практикалык бөлүктөр уюштурулду. Анын алкагында окутуучу Миргүл Абдыразакова тарабынан “Digital Philology Lab” аттуу интерактивдүү талкуу өткөрүлүп, катышуучулар “Жасалма интеллект филологдун ордун баса алабы?” жана “Азыркы лингвист санариптик куралдарсыз иштей алабы?” деген суроолордун тегерегинде ой бөлүшүштү. Талкуунун жыйынтыгында салттуу филологиялык билим менен санариптик технологияларды айкалыштыруу гана заманбап адисти даярдоого өбөлгө болору белгиленди.
Мындан сырткары, аталган факультеттин окутуучусу Наргүл Бекмуратова магистранттарга “Адам vs жасалма интеллект” форматындагы тапшырмаларды сунуштап, адамдын ой жүгүртүүсү менен жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн салыштырууга багытталган иш алып барды. Катышуучулар жуптарда иштеп, алынган жыйынтыктарды жасалма интеллект берген маалыматтар менен талдап чыгышты.
Семинардын дагы бир бөлүгүндө окутуучу Элиза Рахманова TPACK (Technological, Pedagogical and Content Knowledge) модели тууралуу маалымат берип, анын билим берүү процессиндеги маанисин түшүндүрдү. Магистранттар топторго бөлүнүп, санариптик куралдарды колдонуу менен креативдүү презентацияларды даярдашты.
Ошондой эле кафедра башчысы Нургүл Кидиралиева белгилүү фантаст жазуучу Исаак Азимовдун “The Fun They Had” чыгармасынын мисалында билим берүүдөгү өзгөрүүлөр жана келечектеги филолог адистин ролу тууралуу ой бөлүштү.
Жыйынтыгында катышуучулар санариптик сабаттуулуктун бүгүнкү күндө филолог адистер үчүн мааниси чоң экенин белгилешти. Адистердин пикиринде, жасалма интеллект мугалимди толук алмаштырбаса да, аны туура колдонгон адис кесиптик жактан чоң артыкчылыкка ээ болот. Мындай форматтагы иш-чаралар магистранттар үчүн санариптик доордо кесиптик багыт алууга жана заманбап билим берүү шарттарына ылайык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө зор мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңы комментарий кошуу