СПАРТАКИАДА ШАХМАТ ОЮНУ МЕНЕН ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында уюштурулган кышкы спорттук спартакиада соңку шахмат оюну менен жыйынтыкталды.

Логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган шахмат мелдешинде окутуучулар жана кызматкерлер өздөрүнүн интеллектуалдык даярдыгын көрсөтүп, кызуу атаандаштыкта күч сынашты.

Жыйынтыгында 4-орунду гуманитардык факультети, 3-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультети, 2-орунду, табият таануу жана география факультети, ал эми 1-орунду администрация бөлүмү ээледи. Алдыда сыйлоо аземи уюштурулуп, алдыңкы орундарды ээлеген командалар жана активдүү катышуучулар университет жетекчилиги жана Профсоюз комитети тарабынан дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Белгилей кетсек, аталган спартакиада окутуучуларды жана кызматкерлерди сергек жашоо образына үндөө, жамаат ичиндеги ынтымакты бекемдөө максатында окуу жай жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.