СПАРТАКИАДА: СТОЛ ТЕННИС ОЮНУНУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында уюштурулган кышкы спартакиада кызуу уланууда.
Бул ирет мелдештин катышуучулары спорттун стол теннис түрү боюнча күч сынашып, ыкчамдыкты, тактыкты жана жогорку чеберчиликти көрсөтүштү. Оюн жүрүшүндө атаандаштык курч болуп, ар бир партия көрүүчүлөр үчүн да кызыктуу маанай жаратты.
Белгилей кетсек, стол тенниси — оюнчудан ылдам реакцияны, көңүлдү топтой билүүнү жана так кыймыл-аракетти талап кылган спорт түрү. Мындай мелдештер жамааттын ден соолугун чыңдоо менен гана чектелбестен, кесиптештер арасындагы ынтымакты бекемдөөгө да зор өбөлгө түзөт.
Оюндун жыйынтыгында 4-орунду гуманитардык факультети, 3-орунду табият таануу жана география факультети, 2-орунду музыкалык-педагогикалык факультети, ал эми 1-орунду колледждин командасы багындырды. Кышкы спартакиада алдыда тогуз коргоол, шахмат оюндары менен уланмакчы.
Иш-чаранын соңунда мыкты жыйынтык көрсөткөн командалар жана активдүү катышуучулар университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
Жаңы комментарий кошуу