СТУДЕНТТЕР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА АКЫЛ ТАЙМАШТА КҮЧ СЫНАШТЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде “AI Challenge” аттуу жасалма интеллект боюнча акыл таймашы өткөрүлдү.

Иш-чара 5 этаптан туруп ага аталган факультеттин Ин-23,КМИ-1-24 жана КМИ-2-24 тайпалары катышып, мында студенттер AI аркылуу контент жаратуу, программалоо негизиндеги долбоорлорду көрсөтүү, YouTube каналдардын аналитикасын талдоо жана кыргыз жомокторун AI менен визуалдаштыруу боюнча түрдүү кызыктуу тапшырмаларды аткарышты. Бул менен бирге алар жасалма интеллект технологияларын практикада колдонуп, өздөрүнүн креативдүүлүгүн, логикалык ой жүгүртүүсүн жана командалык иштөө жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында эң жогорку упай менен ИН-23 тайпасынын студенттери жеңүүчү болуп аныкталды. AI Challenge катышуучуларга заманбап технологиялар менен иштөөгө реалдуу тажрыйба берип, жаңы идеялардын жана инновациялык чечимдердин жаралышына өбөлгө түздү.

Белгилей кетсек аталган саамалык буга чейинки алган билимдердин жыйынтыгын көрсөтүү максатында окуу жайдын информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучусу Айсырга Ырысбаева тарабынан уюштурулду.