Экстремизмдин алдын алуу: ОшМПУ жаштар форумуна катышты
Ош мамлекеттик университетинде “Жаштардын сергек жашоо образын калыптандыруу – экстремизмге каршы алдын алуунун негизги жолу” аттуу форум болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери жана жаштар уюмдарынын мүчөлөрү катышты. Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери да жигердүү катышып, талкууларда өз пикирлерин билдиришти.
Саамалыктын негизги максаты — жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, креативдүү идеяларды ортого салууга аянтча түзүү, ошондой эле экстремизмдин, терроризмдин, зомбулуктун жана зыяндуу адаттардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Форумдун жүрүшүндө презентаторлор тарабынан сергек жашоо образы, спортко кызыгуу, ыктыярчылыктын коомдогу орду, жаштардын активдүүлүгүн арттыруу жана жарандык жоопкерчилик тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз көрүнүштөргө, баңгизаттарга каршы күрөшүү, алдын алуу боюнча презентациялар сунушталып, талкуулар уюштурулду.
Жыйынтыгында катышуучулар жаштардын сергек жана активдүү жашоого умтулуусу коомдун туруктуу өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири экенин белгилешти. Иш-чара музыкалык номерлер. менен коштолду.
Жаңы комментарий кошуу