“Бир адамдан – бир көчөт”: ОшМПУда жашыл келечекке салым кошулду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун “Бир адамдан-бир көчөт” өнөктүгүнүн алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин короосуна арчалар отургузулду. Бул саамалык жашыл чөйрөнү кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп, билим берүү мекемелеринин экологиялык маданиятты өнүктүрүүдөгү ордун дагы бир жолу даңазалады.

Аталган саамалык ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун колдоосу жана Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкакалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакуновдун демилгеси менен ишке ашты. Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат катышып, алар ЮНИСЕФ тарабынан каржыланган 20дан ашуун арчанын көчөттөрүн тигишти. Көчөт тигүү менен бирге катышуучулар айлана-чөйрөнү коргоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгилешти.

Бул демилгенин ишке ашуусуна жана аталган уюм тарабынан арчаларды окуу жайларга таратуу иш аракетине Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакуновдун салымы чоң болуп, ал жашылдандыруу иштери билим берүү жайларынын маанилүү милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. Мындай иш-чаралар жаш муундарды табиятка аяр мамиле кылууга үндөп, экологиялык аң-сезимдин калыптанышына өбөлгө түзөт.

“Бир адамдан – бир көчөт” акциясы өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртуу, жашыл аянттарды көбөйтүү жана келечек муундар үчүн таза айлана-чөйрөнү сактоо максатында жүргүзүлүп келет. Жарлыктын алкагында республика боюнча, анын ичинде Ош шаарында да жаз жана күз мезгилдеринде көчөт отургузуу иштери системалуу түрдө уюштурулуп, ага жогорку окуу жайлардын жамааттары, окутуучулар, студенттер жана шаар тургундары активдүү катышууда.