“Кыргыз тили” коомунун президенти Раимжан Курбанов ОшМПУда

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгынын алкагында жана Мамлекеттик тилдин 37 жылдыгына карата “Эне тилим- элимдин жүрөгү” аттуу жолугушуу кечеси өттү.

Иш-чаранын башкы коногу- Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген коомдук ишмер Раимжан Курбанов болду.

Жолугушууда кыргыз тилинин бүгүнкү коомдогу орду, эне тилди сактоо жана өнүктүрүү, тил маданияты, жаштардын мамлекеттик тилди өздөштүрүүдөгү жоопкерчилиги тууралуу сөз болду.

Раимжан Курбанов өз сөзүндө кыргыз тилин ардактап, аны таза жана туура сүйлөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, жаштарды эне тилге болгон мамилесин бекемдөөгө чакырды. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын билүү ар бир жаш муун үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Саамалыктын жүрүшүндө Раимжан Курбанов студенттердин суроолоруна жооп берип, өзүнүн чыгармачылыгынан ырларды көркөм окуп берди. Бул менен бирге “Кыргыз тили” коомунун Ош шаарындагы координатору Нуркыз Кадырбек кызы да сөз сүйлөп, кыргыз тилинин улуттук мурастагы орду жана тилди өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле Раимжан Курбановдун кыргыз тилин жайылтууга кошкон салымына токтолду.

Мындан сырткары, Раимжан Курбановдун туулган жери — Мөнөк айылындагы Эшматов атындагы мектептин окуучулары ага арналган ырларды көркөм окуп, чыгармачылык тартууларын сунушташты.

Иш-чара университеттин музыкалык-педагогикалык факультетинин таланттуу окутуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.