“УҢГУЖОЛ: УЛУТТУК БАШАТТАН ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИККЕ” ИЛИМИЙ-КОММУНИКАЦИЯЛЫК КЕРБЕНИ ОшМПУДА ӨТТҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган «Уңгужол: улуттук башаттан дүйнөлүк бийиктикке» аттуу илимий-коммуникациялык иш-чаралар кербени өткөрүлдү.

Иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин демилгеси менен уюштурулуп, университеттер аралык кызматташууну чыңдоого, илимий-агартуу байланыштарын өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталды.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин өнүгүшү, жаштар саясаты, жашыл экономика, кыргыз элдик педагогикасынын баалуулуктары сыяктуу актуалдуу темалар боюнча баяндамалар жасалып, катышуучулардын ортосунда илимий-практикалык пикир алмашуулар орун алды.

Атап айтканда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты Ж. Садыкбек кызы «Мамлекеттик тил – уңгужол улуттук идеологиясынын өзөгү», эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Г. Т. Жалилова «Жашыл экономика жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу», Э. Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Ч. У. Койчуманова «Кыргызстандын жаштары: бүгүн жана эртең», Педагогика жана психология институтунун профессору, педагогика илимдеринин кандидаты М. М. Эсенгулова «Уңгужолдогу кыргыз элдик педагогикасынын баалуулуктары» аттуу баяндамалары менен чыгышты.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз элинин интеллектуалдык мурастарынын бири болгон тогуз коргоол боюнча көрсөтмө оюн уюштурулуп, катышуучулар улуттук оюндун өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Иш-чаранын соңунда эки окуу жайдын өкүлдөрү жогорку билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү, биргелешкен илимий жана маданий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышып, кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Бекмурза Зулуев И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраевага жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамаатына терең ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.