Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Илим бөлүмү — университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү, сапаттуу илимий кадрларды даярдоону жана инновациялык долбоорлорду колдоону камсыздаган негизги түзүмдүк бөлүктөрдүн бири.
Илим бөлүмү университеттеги профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттик жамааттын илимий потенциалын жогорулатууга багытталган иштерди координациялайт. Бөлүмдүн негизги милдеттери төмөнкүлөрдөн турат:
- илимий долбоорлорду, гранттарды жана инновациялык идеяларды колдоо жана жөнгө салуу;
- окутуучулардын, аспиранттардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин системалуу түрдө уюштуруу;
- конференцияларды, форумдарды, семинарларды жана илимий жыйындарды өткөрүү;
- макалаларды, монографияларды жана башка илимий эмгектерди даярдоого методикалык көмөк көрсөтүү;
- эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү.
Илим бөлүмү илимдин өнүгүүсүнө, жаш адистердин чыгармачыл өсүшүнө жана ОшМПУнун академиялык аброюн жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди колдоого дайым даяр.
ОшМПУда Кыргыз Республикасындагы изилдөөнү талап кылган актуалдуу жана изилденбеген маселелердин тизмесине ылайык педагогикалык багытта төмөнкү темалар боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт:
Жалпы изилдөө темалары
• Реформаларды тарыхый анализи:
- Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки билим берүү саясатынын эволюциясынын анализи;
- Борбордук Азиядагы жана постсоветтик мейкиндиктеги башка өлкөлөрдөгү реформалар менен салыштырма анализ;
- тышкы факторлордун (ааламдашуу, эл аралык стандарттар) билим берүү реформаларына тийгизген таасирине баа берүү.
• Реформалардын натыйжалуулугун баалоо:
- Реформалардын коюлган максаттарына жетишүүнү талдоо (билим берүүнүн сапаты, жеткиликтүүлүк, эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келүү);
- Натыйжалуулукту баалоо үчүн сандык жана сапаттык ыкмаларды колдонуу;
- Реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүүчү же тоскоолдук кылуучу факторлорду аныктоо.
• Проблемаларды жана чакырыктарды талдоо:
- Билим берүү тутумундагы эң актуалдуу маселелерди изилдөө (окутуунун сапаты, материалдык-техникалык база, каржылоо, башкаруу);
- Билим берүү тутумундагы көйгөйлөрдүн жаралышынын себептерин жана алардын өз ара байланышын талдоо;
- Билим берүү тутумундагы учурдагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Билим берүүнү санариптештирүү проблемалары;
- Билим берүү тутумундагы кадр саясатынын көйгөйлөрү жана келечеги: квалификациялдуу кадрларды тартууга жана кармап калууга таасир этүүчү факторлорду изилдөө.
Конкреттүү изилдөө темалары
• Кесиптик билим берүүнү реформалоо:
- Болон системасына өтүүнү талдоо;
- Кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн даярдоонун сапатын баалоо;
- Билим берүүнү коммерциялаштыруу маселелери жана алардын кесиптик билимдин жеткиликтүүлүгүнө тийгизген таасири;
- Эмгек рыногунун муктаждыгына ылайык кадрларды даярдоону талдоо;
- Дуалдык билим берүүнүн көйгөйлөрү жана анын келечеги.
• Жалпы орто билим берүүнү реформалоо:
- Жаңы билим берүү стандарттарын киргизүүнү талдоо;
- Жаңы усулдардын жана окуу программаларынын натыйжалуулугун баалоо
• Билим берүүнү башкаруу
- Билим берүүнү башкарууну децентралдаштырууну талдоо;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн билим берүүнү өнүктүрүүдөгү ролу;
- билим берүүнү каржылоо механизмдеринин натыйжалуулугун баалоо;
• Билим берүүнүн социалдык аспектилери:
- Билим берүүнүн социалдык мобилдүүлүккө тийгизген таасири;
- Билим берүүдөгү гендердик теңсиздик маселелери;
- Мигранттарга билим берүү.
• Билим берүүнүн сапаты:
- Билим берүүнүн сапаты боюнча эл аралык салыштырма изилдөөлөр;
- Билим берүүнүн сапатына таасир этүүчү факторлорду (мугалимдер, окуучулар, окуу программалар, материалдык техникалык база) талдоо;
- Билим берүүнүн сапатынын индикаторлорун иштеп чыгуу.