ОшМПУда илимий изилдөө иштеринин өнүгүүсү

Ош мамлекеттик педагогикалык университети акыркы жылдары илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү, академиялык потенциалды жогорулатуу жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу бағытында бир катар системалуу иштерди жүргүзүүдө. Университетте фундаменталдык жана колдонмо багыттагы изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, профессор-окутуучулар курамы, магистранттар жана студенттер үчүн илимий ишмердүүлүккө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

 

Университеттеги негизги илимий багыттар жана приоритеттер

ОшМПУ төмөнкү негизги илимий багыттарды өнүктүрүп келет:

  • педагогика, психология жана билим берүүнүн инновациялык технологиялары;
  • лингвистика жана филологиялык изилдөөлөр;
  • тарых, маданият жана этнопедагогика;
  • жаратылыш таануу, биология, химия жана экология;
  • искусство таануу, музыка, элдик чыгармачылык жана маданий мурас;
  • цифралык трансформация жана IT-компетенциялар.

Илимий ишмердүүлүктүн негизги формалары

  • жыл сайын өткөрүлгөн студенттик илимий конференциялар;
  • магистранттар үчүн илимий семинарлар жана аттестациялык жолугушуулар;
  • кафедралык жана факультеттик деңгээлдеги илимий кружоктор;
  • окутуучулардын монография, окуу куралы, илимий макала түрүндө чыгарган эмгектери;
  • эл аралык жана республикалык конференцияларга активдүү катышуу;
  • илимий журналдарда жана Scopus/Web of Science базаларындагы басылмаларда жарыялануулар.

Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 6 факультет, 1 колледж бөлүмү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Кадрлардын илимий жана башка көрсөткүчтөрү

Кадрлардын потенциалы

 

 

2021-2024-жылдардын аралыгында илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон штаттык окутуучулардын сандык көрсөткүчүнүн өсүү динамикасы  төмөнкү диаграммада берилди.   

Штаттагы илимдин кандидаттарынын көрсөткүчү (2021-2024-жылдар)

Жарыяланган макалалардын факультеттер боюнча эки жылдык салыштыруусу