УНИВЕРСИТЕТТИН “БИЛИМ АРДАГЕРЛЕРИ” УЮМУ

Ош облусттук администрациясынын 2001-жылдын январь айындагы №2 токтомунун 3-пунктуна ылайык 2007-жылы ректордун буйругунун негизинде  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  “Билим ардагерлери”  коомдук фонду  түзүлгөн. Фонд окуу жайдын ректору ошол кездеги ректору К. Исаковдун демилгеси менен уюштурулуп, Устав иштелип чыккан. “Билим ардагерлери” коомдук фонду Ош шаарынын Адилет башкармасы тарабынан юридикалык жак катары 14-март 2007-жылы каттоодон өткөн. 

Фонддун максаты - Кыргыз Республикасынын 2001-жылы майда кабыл алынган “Комлекстүү өнүгүүнүн негиздери” программасына ылайык ОГПИде аз камсыз болгон, төмөнкү эмгек акы алган ардагерлерди, майыптарды, согуштун ардагерлеринин материалдык абалын жакшыртуу жана ардагерлерди социалдык жактан колдоо жана коргоо максатында уюштурулган.

      “Билим ардагерлери” коомдук фонду бүгүнкү күнго чейин Уставда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарып келе жатат. Жамааттын жалпы жыйынында коомдук фонддун төрагасы катары дене тарбия факультетинин улук окутуучусу Жумабаев Мырзаш Жумабаевич шайланган. Учурда коомдук фонддун курамында Мадраимов Сапарбек Мадраимович, Жаанбаева Калипа Бердиевна, Орозгүл Жалалова, Омуралиева Гулсара Кушатовна,Карамат Каралаева, Зырапа Абдивасиевалар иш алып барат.

 Коомдук фонд тарабынан ардагерлерге кам көрүүдөн сырткары жамааттын моралдык-психологиялык абалын чыңдоодо жаштарга насаатчы катары тарбиялык иштерди жүргүзүп келет. Мисалы, каада-салт, коомдогу терс көрүнүштөр ж.б. маселелерди  чечүүдө карыялардын ролун, муундар ортосундагы байланышты түзүү, мезгилдин чакырыгын кабыл алуу, жаштарды улууну урматтоого үйрөтүү сыяктуу  иштер алып барылат.