Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кесиптик бирлик комитети

Ош мамлекеттик педагогикалык университети — Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку билим берүү системасында өзгөчө орду бар кылым жашаган окуу жай. Анын тарыхы 1925-жылга барып такалат. Ал кезде республика үчүн мугалим кадрларды даярдоо эң маанилүү маселе болгондуктан, 1924-жылы Ош шаарында алгачкы алты айлык педагогикалык курстар ачылган. Бул курстардын негизинде 1925-жылдын 15-январында Ош округдук революциялык комитетинин токтому менен расмий түрдө Ош педагогикалык техникуму ачылып, 120 угуучуга эсептелген бир жылдык окуу башталган. Ошол эле жылдын сентябрынан баштап окуу мөөнөтү үч жылга узартылган.  Бул окуу жай Кыргызстандын түштүгүндөгү биринчи педагогикалык билим берүү мекемеси катары калыптанып, бара-бара техникум, кийин институт, андан соң университет макамына ээ болгон. Баштапкы жылдары материалдык-техникалык база начар, кадрлар жетишсиз болсо да, ар кайсы улуттардан чыккан мугалимдердин күжүрмөн эмгегинин аркасында окуу жай калыптанып, өз ишин ийгиликтүү улантып келген. 20–30-жылдары билим берүүнүн кеңейиши менен бул мекеменин салмагы жана ролу өскөн. 

  • 1925- ж. Ош педагогикалык техникуму
  • 1929 ж. Ош – Жалал-Абад техникуму
  • 1966-ж. Ош педагогикалык училищасы
  • 1994-ж. Ош педагогикалык колледжи
  • 1996-ж. Ош жогорку колледжи
  • 2002-ж. Ош гуманитардык-педагогикалык институту
  • 2021-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык  университети

Окуу жайдын өнүгүшү менен катар, эмгек жамаатынын кызыкчылыгын коргой турган коомдук уюм — кесиптик бирлик уюму (профсоюз) да өз ишин баштаган. Тарыхый документтерде так көрсөтүлбөгөнү менен, 1930-жылдардан тартып мекеменин айланасында жамааттык ишмердик күчөп, мугалимдердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында кесиптик бирлик уюму ыктярдуу түрдө калыптана баштаган. Ал жылдары профсоюз мүчөлөрүнүн саны 20–30 кишиден ашпаган.  1940–1950-жылдарда билим берүү мекемеси кеңейип, окутуучулардын саны өскөн сайын, профсоюз уюму да чыңдалып, 50гө чукул педагог, 200дөн ашык угуучу(студент) мүчө болгон. 1960-жылдары студенттердин саны көбөйүп, жалпы мүчөлөр 800гө жеткен. 1965-жылы техникумдун окутуучусу Какен Султангазиеванын эмгеги менен облустук профсоюз комитетине расмий түрдө мучө болуп, жобо негизделген. 1990-жылдарга чейин профсоюз күчтүү коомдук уюм  катары иш алып барган. Эгемендүүлүктөн кийин да кесиптик бирлик  өз ишмердүүлүгүн улантып, бүгүнкү күндө 500дөн ашык кызматкер анын мүчөсү. 

Профсоюз комитетин жетектегендер: 

  • 1965-1968-жж.  Султангазиева Какен
  • 1968–1970-жж. — Жумабаев Абдылда 
  • 1970–1980-жж. — Михаил Владимирович Лебеденко 
  • 1980–1990-жж. — Маслов Геннадий Владимирович
  • 1990–1998-жж. — Кудайбердиев Авазбек 
  • 1998–2024-жж. — Кошбаев Алманбет Бекжанович 

• 2024-жылдын жылдын ноябрь айынан тарта комитетти Кубанычбек Жылкычы уулу жетектеп келүүдө.