КОМИТЕТТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Ош МПУнун кесиптик бирлик комитети Кыргыз Республикасынын Конститутциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Профессионалдык союздар жөнүндө”,  “Коомдук бирикмелер жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” ж.б. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Уставына, университтин администрациясы менен түзүлгөн жамааттык келишимге жана башка ченемдик, укуктук актыларга ылайык иш алып барат.

Комитет университеттин администрациясы менен түзүлгөн Жамааттык келишимдин негизинде кызматкерлердин укуктарын, социалдык-экономикалык абалын, эмгек жана ден соолук шарттарын жакшыртууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзөт.  Учурда Ош МПУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан баштапкы кесиптик бирликтин  лидерлери үчүн окуу семинарлар уюштурулуп, өз ишмердигин жакшыртуу квалификацияны жогорулатуу боюнча түрдүү иш-чаралар ырааттуу түрдө  өткөрүлүп келет. Комитеттин мүчөлөрүнүн социалдык-укуктук кызыкчылыктарын, эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыктарын колдоо жана тиешелүү жетекчиликтерге кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюз тарабынан социалдык колдоого муктаж мүчөлөргө тынымсыз материалдык жардамдар көрсөтүлүп келет. Атап айтсак майыптыгы бар кызматкерлерге, жалгыз бой энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жаш үй-бүлөлүүлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, санаторияларга кезексиз жолдомо берүү аракеттери жүрүүдө. Мындан тышкары жамаат менен   маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, майрамдык жана белгилүү даталарды салтанаттуу белгилөө салтка айланган.

Кесиптик бирлик жамаат менен администрациянын ортосундагы көпүрө катары аракеттенип, ар бир кызматкердин үнү угулушуна шарт түзөт. Бүгүнкү профсоюз — бул ишеним, биримдик, жоопкерчилик менен куралган жамааттык күч. Ал күчтүн артында кесипке берилген, адамдык баалуулукту туу туткан мыкты мугалимдер, кызматкерлер жана демилгелүү лидерлер турат.