Факультеттин тарыхы

 «Табият таануу - педагогика» факультетинде  2003-жылы математика, 2005-жылы информатика адистиги   кабыл алынган. 2009-жылы  Математика жана компьютердик технологиялар факультети болуп өзгөргөн. Факультетте  математика, информатика, колдонмо математика жана информатика адистиктери боюнча мугалимдер даярдалып республикабыздын бардык мектептерине ишке жөнөтүлөт. Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде студенттер үчүн окуу жай тарабынан өзгөчө шарттар түзүлүп, робототехника боюнча лаборатория жана заманбап компьютердик класстар уюштурулган.

Факультетте  мектеп мугалимдерине жана болочок мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү  максатында усулдук  колдонмолорду иштеп чыгууга басым жасалган. Көпчүлүк окутуучулар педагогикалык багытта илимий иштерин коргошууда.

  • Материалдык-техникалык база

9  акыркы моделдеги компьютерлер менен жабдылган мультимедиялык кааналар;

    робототехникалык лабораториялык каана;

5  лекциялык кааналар;

1  заманбап окуу-конференциялык залдары;

1 чон актылык зал;

9 смарт электрондук доскалар;

1 даана 3D принтерлер;

1 лазердик станок.

  • Профессордук-окутуучулук курамдын квалифкацияларын жогорулатуулары

Математика жана компьютердик факультетинин  профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан,, Казакстан, Россия ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет.

Факультеттин максаты: Билим берүү стандартына ылайык Кыргыз Республикасынын элет жергесиндеги мектептерге терең билимдүү математика, информатика жана колдонмо математика жана информатика адистиктерин даярдайт, ошондой эле билим берүү тармагындагы проблемаларды изилдөөчү жана окутуунун жаңы технологияларын жайылтуучу компетенттүү жогорку кадрлар менен камсыз кылат.

Азыркы учурдагы факультеттеги кафедралар:

  • Жогорку математика жана математиканы окутуунун усулу кафедрасы;
  • Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы.

 

Факультет төмөнкү багыттар боюнча окутууну жүргүзөт:
Бакалавриат программасы:

  • 550200  Физика-математикалык билим берүү
    Профиль:
    - Математика
    - информатика
  • 510200   Колдонмо математика жана информатика
     

Магистр программасы:

  • 550200  Физика-математикалык билим берүү
    Профиль:
    - Математика
    - информатик