Факультеттин тарыхы
Музыкалык-педагогикалык факультет 1997-жылдын 25-февралында №24 буйругу менен Ош жогорку колледжинин базасында “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” адистиги менен “Педагогика” деген аталышта ачылып, 2001-жылы “табият таануу жана педагогика”, 2004-жылы “педагогика”, 2006-жылы 16-январда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде музыкалык бөлүм педагогика факультетине бириктирилип, музыкалык-педагогикалык факультети болуп уюштурулуп, жалпы билим берүүчү мектептер үчүн башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо максатын көздөгөн.
Учурда факультет ОшМПУнун эң ири факультеттеринин бири. Факультетте 3000ге жакын студент сапаттуу билим алууда.
Эң мыкты окуган, окуу жайдын коомдук, маданий-массалык иштерине жана спартакияларына активдүү катышкан студенттер материалдык жана моралдык колдоолорго ээ болуп келишет.
Анткени, факультетте жылына 600гө жакын бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынактарын ийгиликтүү тапшырышып, жогорку окуу жайдын мамлекеттик үлгүдөгү дипломдоруна ээ болуу менен республикабыздын билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Музыкалык-педагогикалык факультетинин максаты:
Өлкөбүздүн алыскы жана тоолуу райондорунун мектептери үчүн башталгыч билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, көркөм билим берүү (музыка), психология адистиктери боюнча жогорку илимий жана кесиптик потенциалга ээ, Республиканын билим берүүсүнүн өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салым кошуучу кесипкөй адисти даярдоо.
ОшМПУнун миссиясы:
Билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык-экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо.
Даярдалуучу адистиктер
Музыкалык-педагогикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик толук билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн төмөнкү адистиктердеги мугалимдер даярдалат:
Адистик: 550700 «Педагогика боюнча билим берүү (Педагогика)»,
Квалификация: “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу”
Адистик: 550700 “Педагогика”
Квалификация: “Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү”
Адистик: 550600 “Музыкалык билим берүү”
Квалификация: “Көркөм билим берүү”
Адистик: 530300 “Психология”
Квалификация: Психологиялык билим берүү
Факультет КР Өкмөтүнүн токтомдорун, КРнын Билим берүү Мыйзамын Жогорку кесиптик толук билим берүүнүн мамлекеттик стандарттык ОГПИнин уставын жана миссиясын жетекчиликке алуу менен иш алып барат.
Факультетте 3 кафедра бар, алардагы курамдык көрсөткүч төмөнкүдөй
(2025-2026-окуу жылы)
|
Кафедранын аталыштары |
Илимдин доктору |
Илимдин кандидаты |
Илимдин кандидаты көмөкчү |
КРнын эл агартуу отличниги |
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер |
Э КРнын маданиятына эмгек сиңирген артисти |
Ага Окутуучу |
Окутуучу |
Анын ичинен көмөкчү |
Жалпы |
Сапаттык көрсөткүчү % |
|
Педагогика жана психология |
|
5 |
2 |
3 |
|
|
3 |
8 |
|
21 |
33,3% |
|
Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу |
3 |
3 |
7
|
|
|
|
4 |
3 |
|
20 |
65% |
|
Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу |
|
|
1 |
8 |
2 |
1 |
|
12 |
8 |
32 |
12,5% |
|
Жалпы: |
3 |
8 |
10 |
11 |
2 |
1 |
6 |
22 |
18 |
72 |
33,3% |
Окуу процессинин графигинин, академиялык календарынын жана ОПК өтүүчү сабактардын ырааттамаларынын болушу
Музыкалык-педагогикалык факультетинде даярдалып жаткан адистиктер боюнча окуу графиги жана окуу календары окуу жылдын башында түзүлүп, бекитилип, доскага илинген. Окуу графигинин жана окуу календарынын негизинде ОПК өтүүчү сабактардын расписаниеси түзүлүп, AVN порталына жайгаштырылып жана доскага илинип анын негизинде сабактар өтүлөт. AVNге программасына баары толук киргизилет. Окутуучулук профессордук курамдын өтүүчү сабактардын ырааттамалары бекитилип AVNге киргизилген. Эрте менен предметтик тайпалык сабактар, түштөн кийин жекече-практикалык сабактар өз нугунда өтүлүп келет.
Студенттердин жалпы саны
(күндүзгү окуу формасы)
|
№ |
Адистик |
1-курс |
2-курс |
3-курс |
4-курс |
|
||||
|
|
|
Бюд |
Кел. |
Бюд. |
Кел. |
Бюд |
Кел. |
Бюд. |
Кел. |
Жал пы |
|
|
Педагогика жана башталгыч билим берүү |
14 |
14 |
26 |
51 |
23 |
15 |
13 |
27 |
183 |
|
|
Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү |
- |
- |
- |
- |
- |
- |
10 |
1 |
11 |
|
|
Көркөм билим берүү
|
20 |
3 |
11 |
2 |
1 |
4 |
8 |
2 |
51 |
|
|
Психология |
13 |
4 |
10 |
3 |
|
|
|
|
30 |
|
|
Жалпы: |
47 |
21 |
47 |
56 |
24 |
19 |
31 |
30 |
275 |
(Сырттан окуу формасы)
|
№ |
Адистик |
1-курс |
2-курс |
3-курс |
4-курс |
5-курс |
Жалпы: |
|
|
Педагогика жана башталгыч билим берүү |
- |
531 |
487 |
447 |
587 |
2052 |
|
|
Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү |
- |
146 |
131 |
118 |
185 |
580 |
|
|
Көркөм билим берүү
|
36 |
84 |
91 |
70 |
53 |
334 |
|
|
Жалпы: |
36 |
761 |
709 |
635 |
825 |
2966 |
|
Музыкалык-педагогикалык факультетинин 2021-2025-окуу жылдарында гы күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алынган студенттердин контингенти боюнча маалымат
|
|||||||||||||||||||||||||
|
Музыкалык-педагогикалык факультетинин 2021-2025-окуу жылдарындагы күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндөгү студенттердин контингенти боюнча маалымат |
|
||||||||||||||||||||||||
|
№ |
Жылдар |
күндүзгү |
сырттан |
|
1 |
2021-2022 |
277 |
5746 |
|
2 |
2022-2023 |
246 |
4600 |
|
3 |
2023-2024 |
250 |
3681 |
|
4 |
2024-2025 |
230 |
3048 |
|
5 |
2025-2026 |
288 |
3018 |
Факультеттин окутуучуларынын эл аралык уюмдар, долбоорлор менен кызматташуусу
Педагогика жана психология кафедрасынын доценти Шербаева Жыпаргүл Рахманбердиевна Эл аралык уюмдар менен кызматташуу менен катар бир топ илимий долбоорлорду ишке ашырууда. Атап айтсак: ЮНИСЕФ, GIZ, USAID, АГА ХАН, WORLD BANK GROUP, ЭРАСМУС+КЫРГЫЗСТАН, «Роза Отунбаева демилгеси» Эл аралык фонду.
Эл аралык уюмдар менен кызматташуу:
1. «Орто Азияда билим берүү системасын реформалоо» долбоорунун «Активдүү окутуунун формалары» программасынын Тренери. Германия кызматташтыгы GIZ 2009-2015-ж.ж.
2. ЮНИСЕФ Эл аралык уюмдун Ош шаарындагы офисинде педагог-психолог 2010-2011-ж
2. USAIDдин «Келгиле окуйлу!» программасынын Тест-администору-2014-ж.
3. USAIDдин «Бирге окуйлу!» программасынын тренери 2015-ж.
4. USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун Улуттук тренери 2014-2023-жылдар
5. КРББЖИМнин «Билим берүү секторундагы реформаны колдоо» долбоорунун Башталгыч мектеп үчүн билим берүү стандарттары жана директорлордун орун басарларын жана рай/шаардык БББ адистерин окутуу боюнча тренер. 2015-2018-жылдары
6. КРББЖИМнин «Билим берүү секторундагы реформаны колдоо» долбоорунун Мектепке чейинки билим берүүдөгү Көп тилдүүлүк программасы боюнча тренер. 2019-жыл
7. «Роза Отунбаева демилгеси» Эл аралык фонддун «Жайлоо балдар бакчасы» программасында боюнча Ош областында координатор, тренер 2015-2025-жылдары
Илимий долбоорлор:
1. Эрасмуз + Кыргызстан Эл аралык уюмдун Жан Монне программасына Adapting EU Environmental Policies and Sustainability Practices to Kyrgyzstan’s Context. (Адаптация экологической политики и практики устойчивого развития ЕС к условиям Кыргызстана) Долбоордун жалпы бюджети: $ 10.500. Жыйынтыгы күтүү этабында.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Дүйнөлүк Банктын долбоорлорду координациялоону ишке ашыруу бөлүмүнө, Психо-педагогикалык изилдөөлөр жана академиялык программаларды модернизациялоо үчүн «өнүгүү+» инновациялык лабораториясын түзүү. Аталган долбоор, экинчи этабында иш алып барылып жатат. Долбоордун түзүүчүлөрү: Мамашерип к Нуриза
3. AIF Grant. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Дүйнөлүк Банктын долбоорлорду координациялоону ишке ашыруу бөлүмүнө, Педагогической Симуляционный центр: «Практика будущего учителя сегодня».
Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасынын доценти З.Абдывасиева ЮСАИДдин “Келгиле окуйбуз” долбоору менен 2017-2021-жылдары кызматташып, мектеп мугалимдерине ментордук жардам көрсөтүү максатында тренингдерди өтүп, EGRA, EGMA-мониторунда кодер катары иштешти.
Педагогика жана психология кафедрасынын доценти Акматова Ч.А. улуттук тренер USAID “Окуу керемет!” долбоорунда “Башталгыч класстын окуучуларынын математикалык кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүү” башталгыч класстын мугалимдерине, директорлоруна, усулдук бирикменин башчыларына семинар-тренинг ѳтүү боюнча долбоор менен 2019-2023-жылдары иштеди. Ал эми Улуттук тренер Mercy Corps” уюмунун “Башталгыч мектепте базалык окуу кѳндүмдѳрү жана калыптандыруучу баалоо” семинарында да 2023-2024-жылдары активдүү иштеди.
Окуу жайлар аралык кызматташтык жана академиялык мобилдүүлүк
Музыкалык-педагогикалык факультеттин эл аралык мамилелерди бекемдөө жана академиялык мобилдүүлүктү жогорулатуу максатындагы ишмердүүлүгү өзгөчө мааниге ээ. Атап айтканда, факультет Өзбекстан Республикасынын Андижан экономикалык-педагогикалык, Наманган мамлекеттик университети менен тыгыз, эки тараптуу кызматташтыкты ийгиликтүү жүзөгө ашырып келет.
Илимий-педагогикалык потенциалды өнүктүрүү максатында окутуучулар менен илимий кызматкерлердин тажрыйба алмашуусу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Ошону менен бирге студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу багытында студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын, биргелешкен семинарларды жана мастер-класстарды уюштуруу аркылуу билим берүүнүн сапаты арттырылат.
Маданий-агартуу багытындагы интеграция - эки өлкөнүн музыкалык-педагогикалык өнөрүн, маданиятын жана мурасын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Мындай стратегиялык өнөктөштүк жогорку билим берүү системасынын эл аралык аренадагы ордун чыңдап, келечектеги адистерди глобалдык талаптарга жооп берүүчү деңгээлде даярдоого кызмат кылат.
Студенттердин билим алуу процессиндеги ишмердүүлүгү
Музыкалык-педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасы жыл сайын салтка айланган Республикалык “Педагогикалык дебют” сынак-фестивалын өткөрүп келет. Бул сынак студенттердин адистик чеберчилигин, кесипке даярдыгын, шык, жөндөмүн калыптандырып, келечектеги кесибине шыктандырат.
(”Педагогикалык дебют - 2025-10” республикалык сынагынан көрүнүш)
МПФнын студенттери 2022-2023-окуу жылында Казакстан улуттук педагогикалык университети тарабынан уюштурулган “Моя профессия – педагог” аттуу эл аралык конкурста Мч(б)-1-22 тайпасынын студенттери Галдыбай кызы Нуриза менен Жусупова Нурзада III даражадагы дипломдорго ээ болушту.
Мч(б)-1-21 тайпасынын студенти Ысмаилова Нурпери “Кыргызстандын эң мыкты студенти” республикалык сынагына катышып, “Кыргызстандын мыкты студенти” төш белгиси менен сыйланды.
Окуу жайдын жетекчилигинин негизинде “Jia” ассоциациясы студенттерди колдоо максатында уюштурган конкурста П(б)-1-21 тайпасынын төмөндөгү студенттери Абдулазизова Бактыгүл, Исламова Нурайым 10000 сомдон стипендия алууга жетишкен.
Пб(б)-1-22 тайпасынын студенти Абдувалиева Айгерим “Кыргызстандын эң мыкты студенти” республикалык сынагына катышып, “Кыргызстандын мыкты студенти-2024” төш белгиси менен сыйланды.
“Билим-оркениети” улуттук инновациялык изилдөө борбору жана мыкты студенттер академиясы тарабынан уюштурулган иш-чарада Абдувалиева Айгерим “КМШнын мыкты студенти-2023” сынагынын жеңүүчүсү болду.
Мч(б)-1-21 тайпасынын студенти Ысмаилова Нурпери Президенттик “Үмүт” стипендиясынын ээси болду. Авазбекова Асылгүл П(б)-1-21, Сражидин кызы Жазгүл П(б)-1-23, Ысабеков Даниель М-1-22 тайпасынын студенттери окуудагы жетишкендиктери үчүн стипендия, ардак баракчалар жана ыраазычылык каттар менен окуу жай тарабынан сыйланышты.
2024-2025-окуу жылында Мч(б)-1-21 тайпасынын студенти Ысмаилова Нурпери Президенттик “Үмүт” стипендиясын алып жаткан учуру
Факультеттеги борборлор, ансамблдер, ийримдер:
1. “Диагностикалык-психологиялык” борбор. Жооптуу: улук окутуучу Ысакова Мавлюда
2. “Кербен” фольклордук ансамбли. Жетекчиси: Нышанова А.Д.
3. “Ооз комузчулар” ансамбли. Жетекчиси: Мурзабаева Б.Б.
4. “Жетиген” вокалдык ансамбли. Жетекчиси: Касымбеков Б.К.
5. “Барс” окутуучулардан жана студенттерден түзүлгөн эстрадалык ансамбли. Жетекчиси: Бакиров К.М.
6. “Насыйкат” комузчулар ансамбли окутуучулардан жана студенттерден түзүлгөн ийрим. Жетекчиси: Абдиева Н.Г.
7. “Комузчулар” окуу жай арасында студенттерден түзүлгөн ийрим. Жетекчиси: Нышанова А.Д.
8. “Таң булбулу” студенттерден түзүлгөн ийрим. Жетекчиси: Кадырова А.Н.
9. “Жаш педагог” ийрими, жетекчиси: Мурзаканова Г.
10. “Жаш математик” ийрими, жетекчиси: Абдывасиева З.
11. “Заманбап тарбиячы” ийрими, жетекчиси: Мадалиева С.
12. “Көңүлдүү грамматика” ийрими, жетекчиси: Кожобекова Н.
13. “Жаш сүрөтчү” ийрими, жетекчиси: Касымбеков Э.