УНИВЕРСИТЕТТИН ЖАШТАР КОМИТЕТИ
Университеттин Жаштар комитети - студенттик коомдун биримдигин чыңдоого, жаштарды лидерликке жана жарандык жоопкерчиликке тарбиялоого багытталган маанилүү коомдук уюмдардын бири. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү» жөнүндөгү указынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына, ОшМПУнун уставына, тарбия концепциясына жана башка нормативдик укуктук актыларга, 2010-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясына жана ушул жобого таянып иш жүргүзөт. ОшМПУнун Жаштар комитети мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет.
Комитет студенттик кеңештердин башын бириктирип, алардын ишмердүүлүгүн координациялайт жана жалпы университеттик жаштар саясатын ишке ашырууда негизги платформа болуп саналат. Жаштар комитети лидер студенттердин демилгелерин колдоп, билим берүү, маданий жана спорттук багыттагы иш-чараларды уюштуруп келет. Ал жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттырууга, социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууга жана студенттердин өз алдынчалуулугун өстүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, Жаштар комитети университет менен студенттердин ортосундагы байланыштын маанилүү көпүрөсү болуп, ар бир студенттин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого, аларды чыгармачылык жана кесиптик жактан өнүктүрүүгө зор салым кошот. Учурда жаштар комитетинин төрагасы Кадырмамат уулу Чыңгыз факультеттерден куралган студенттик кеңештин курамын жетектеп келет.
Алар, Мамасалиев Тилек Жаштар комитетинин төрагасынын орун басары.
- Ысманалиева Айгерим Жаштар комитетинин катчысы.
- Сайдилло кызы Элизат Жаштар комитетинин маданий сектору.
- Ибаримов Рахматулло Жаштар комитетинин спорт сектору.
- Турдубаева Назбийкен Жаштар комитетинин социалдык иш сектору.
- Абдыганыева Улара Жаштар комитетинин акыйкатчысы.
- Замирбек кызы Айназик Кыздар кеңешинин төрайымы.
- Маманов Кумарбек Табият таануу жана география факультетинин төрагасы.
- Аширов Давлетбек Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин төрагасы.
- Касымов Муксит Дене тарбия факультетинин төрагасы.
- Алтынбек кызы Мунира Гуманитардык факультетинин төрайымы.
- Жусубахмат уулу Максат Музыкалык-педагогикалык факультетинин төрагасы.
- Файзуллаева Айназик Кыргыз-Россия факультетинин төрайымы.
- Мирланбекова Мираида Колледждин төрайымы.
Жаштар комитети лидер студенттердин демилгелерин колдоп, билим берүү, маданий жана спорттук багыттагы иш-чараларды уюштуруп келет. Ал жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттырууга, социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууга жана студенттердин өз алдынчалуулугун өстүрүүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, жаштар комитети университет менен студенттердин ортосундагы байланыштын маанилүү көпүрөсү болуп, ар бир студенттин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого, аларды чыгармачылык жана кесиптик жактан өнүктүрүүгө зор салым кошот.