ТТГФ — КЫШКЫ СПОРТТУК СПАРТАКИАДАСЫНЫН КУБОГУНУН ЭЭСИ! 🏆
ОшМПУда окутуучулар жана кызматкерлер арасында өткөн кышкы спартакиада жыйынтыкталды. Бир жумага созулган курч мүнөздөгү таймаштардын жыйынтыгында, жалпы командалык эсепте Табият таануу-география факультети мыкты даярдыгын көрсөтүп, ӨТМӨ КУБОКТУН 🏆 ЭЭСИ болду!
Биздин ийгиликтер:
* 🏐 Волейбол (эжекелер): 1-орун (Мыкты оюнчу: Гүлзада Сагынбаева)
* 🏀 Баскетбол: 3-орун
* 🏓 Стол тенниси: 3-орун
* 🧩 Тогуз коргоол: 3-орун
* ♟ Шахмат: 2-орун
Жалпы жамаатты жана спортчу агай-эжекелерибизди чоң жеңиши менен куттуктайбыз!
ТТГФ ар дайым алдыда! 💪🚀