Табият таануу жана география факультетинин деканы Долонова Гульмира Маматовна
|
|
РЕЗЮМЕ
Долонова Гульмира Маматовна |
Дареги: 723501, Кыргызстан, Ош ш. Ак-Буура кичи району, 5-көчө, 17 үй. Тел. +996 772 75 22 68 (ватсап) Эл.почта: dolonova11@ mail.ru
|
Өзү жөнүндө маалымат:
- Туулган жери: Ош областы, Ноокат району
- Туулган датасы: 18. 04. 1967 ж.
- Улуту: кыргыз
- Жалпы стажы: 34 жыл
- ОшМПУдагы стажы: 20 жыл
- Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын энеси.
Билими: Жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун табият – таануу жана география факультетинин «Биология» адистигин бүтүргөн (1984 -1989)
Илимий темасы, бекитилген убактысы:
“Түштүк кыргыздардын салттуу билимдеринде колдонулган өсүмдүктөргө этноботаникалык изилдөөлөр”. ОГПИнин ОКнын протоколу №25, 18.10.2010 ж.
Окумуштуулук даражасы, наамы:
- ботаника – 03.02.01 адистиги боюнча диссертациясын 30.09.2022 ж. ийгиликтүү коргоп, 02.03.2023 ж. биология илимдеринин кандидаты наамы ыйгарылган.
- Учурда ОшМПУнун «Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасынын доценти.
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 1989-1995 ж.ж. – Ноокат районунун «Көк-Жар» орто мектеби, 1-категориядагы биология мугалими;
- 1996 - 2001 ж.ж. – Ош ш.. А.Навои атындагы №18 гимназия орто мектебинин жогорку категориядагы мугалими, секция башчысы;
- 2002 - 2003 ж.ж. – А. Ж. Мырсабеков атындагы Ош гуманиардык -педагогикалык институтунда (ОГПИ), табият - таануу жана педагогика факультетинин, табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу;
- 2004 - 2005 ж.ж. – ОГПИде тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы;
- 2006 - 2009 ж.ж. - ОГПИнин табият - таануу жана математика факультетинин «Биология жана биологияны окутуунун усулдары» кафедрасынын башчысы;
- 2009 - 2019ж.ж. Ош МПУнун, табият - таануу жана география факультетинин «Биология жана химия» кафедрасынын башчысы;
- 2024-жылдын 4-ноябынан бери Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу география факультетинин деканы.
Профессионалдык кызыкчылыктары:
Аймактагы пайдалуу өсүмдүктөрдүн ресурстарынын азыркы абалына баа берүү. Билим берүү сапатынын азыркы күндөгү көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдорун анализдөө.
Компьютердик сабаттуулугу: Microsoft Word, Microsoft Excel, Internet Explorer ж.б.
- Илимий жетишкендиктери: Жалпы 40 тан ашуун илимий макалалары жарыкка чыккан. Анын ичинен илимий изилденүүчү темасына байланышкан 21, калгандары окутуунун сапатын жогорулатуу усулдары боюнча жарыкка чыккан. Мектеп мугалимдерине жана студенттерге арналган 3 усулдук колдонмо жана 2 лабораториялык-практикалык иш дептери бар.
- Эмгек ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери: Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын предметтик стандартын өздөштүрүү боюнча пратикалык ишмердүүлүктө: Ош шаары, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунун мектеп мугалимдери менен тыгыз байланышта иш алып барат. ОГПИнин Мугалимдердин билимин өркүндөтүү болүмүнү менен усулчу-лектор катары тыгыз иш алып барат. ОшМПУнун педколледжи, ОшМСУнун медколледжи жана Араван Дулдул медколледжинин окутуучулар курамына “Креативдүү сабак өтүү замандын талабы”, - деген темада семинар өтүү менен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салымын кошкон жана ыраазычылык каттардын ээси. ОшМПУнун усулчуларынын ортосундагы ачык сабактарды өтүүдө “Креативдүү окутуучу” наамынын ээси. 2019-жылы “Онлайн сабактарга саякат” аталышындагы иш чарада Кыргызстандын аймагындагы 7 жогорку окуу жайлардын табигый илимдер багытындагы окутуучулар жамаатына “Билимдик жана компетенттүүлүк мамилелер” темасында онлайн лекция өтүп, “эң жакшы” деген баага татыктуу болгон. Ошол учурда ОшМПУда “Мыкты онлайн сабак” номинациясын алган он жеңүүчүлөрдүн катарын толуктап, акчалай сыйлыктын ээси болгон.
