Бизнес-идеяларды ишке ашыруу борбору жөнүндө жалпы маалымат.
Өнүктүрүү борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн 01.09.2022-жылдан тарта жүргүзүп келүүдө. Борбордо 2 адис иш алып барат.
Самат уулу Чолпонбек-бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунун директору
Медербеков Кайрат- бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунун адиси
Бул бөлүмдүн негизги милдети – студенттерди заманбап экономикалык шартка ылайык даярдап, аларды жарандык жоопкерчилиги жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү, идеяларды ишке ашырууда эркин жана демилгелүү инсандар катары калыптандыруу. Студенттик стартаптарды колдоо үчүн бөлүм тарабынан жыл сайын ар кандай гранттык сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Гранттар студенттердин жаңычыл долбоорлорун ишке ашырууга жол ачып, аларды ишкердик дүйнөсүнө ишенимдүү кадам таштоого дем берет.
Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору окуу жай жана эл аралык уюмдар (Ага Хан жана Юсаид) тарабынан 1 474 000 сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз гранттарды алып берип, студенттердин ишкердикти баштоосуна салым кошту.
- Абдивалиева Айгерим, Келдибек кызы Каныкей -“Тирек” кол өнөрчүлөр клубу
- Даниярбекова Гүлшанай -“Сапат” тигүү цехи
- Мырзабек кызы Акмаанай – “Эко биогумус”
- Айгузал Акылбек кызы –Кондитерский
- Айзат Абдихаликова –Петля цех
- Мухаммед Шамырбеков –Биогумус
- Гулиза Исамидин кызы –Кол өнөрчүлүк
- Камчибеков Бакыт-“Саякат Ош” тур компаниясы
- Болотбек кызы Элиза-Кондитердик цех
- Ураимжанова Зарина--“Жемиштин” эко чипсы- азыркы учурда иштеп жаткан стартап бизнестер.
Ошондой эле бөлүм ишкерлерди, бизнес-тренерлерди жана ар кыл тармактагы адистерди чакырып, студенттер үчүн мотивациялык жолугушууларды, семинарларды жана мастер-класстарды уюштуруп келет. Мындай иш-чаралардын аркасында студенттер ишкердик маданият менен таанышып, бизнес жүргүзүүнүн негизги ыкмаларын үйрөнүшөт. Айрыкча маркетинг, финансы, долбоордук менеджмент, команда менен иштөө жана лидерлик көндүмдөрүн өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Бөлүмдүн иш-аракеттери студенттердин жөн гана билим алып чыгышына эмес, аларды өз алдынча ишкердик долбоорлорду ишке ашырууга, демилгелерин экономикалык практикага айлантууга багытталган. Ушул аркылуу университет билим берүү менен чектелбестен, студенттердин чыгармачыл потенциалын арттырып, аларды коомго пайдалуу идеяларды сунуштоого шыктандырат.
Мындан тышкары, бөлүм студенттердин бизнес-долбоорлорун регионалдык жана эл аралык деңгээлдеги сынактарга даярдап чыгууга да көмөк көрсөтөт. Натыйжада студенттер атаандаштыкка даяр болуп, дүйнөлүк тажрыйба менен жергиликтүү реалдуулукту айкалыштырган долбоорлорду сунуштай алышат. Бул болсо университеттин гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өз салымын кошот.
Кыскасы, бизнес-идеяларды ишке ашыруу бөлүмү – университеттеги студенттик демилгелерди колдогон, аларды келечектеги ийгиликтүү ишкерлерге айлантууга багытталган, жаңычылдыкты жана практиканы бириктирген маанилүү борборлордун бири болуп эсептелет.