КАДРЛАР БӨЛҮМҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ  

Кадрлар бөлүмү – университеттин туруктуу ишмердигин камсыз кылган негизги административдик түзүмдөрдүн бири. Бул бөлүмдүн милдети университеттин кызматкерлери жана студенттери боюнча бардык кадрдык жана уюштуруучулук маселелерди чечүү болуп саналат. Учурда кадрлар бөлүмүн Кадыралиева Айнагүл Барыктабасовна жетектейт, ал эми студенттердин академиялык иш-аракеттерин тейлөө багытын Элзат Тагаева көзөмөлдөп келе жатат.

Кадрлар бөлүмүнүн негизги функциясы -  окутуучулар менен кызматкерлердин кадрдык иштерин жүргүзүү. Мында кызматтык иш кагаздарын толтуруу, эмгек келишимдерин түзүү жана сактоо, кызматкерлердин жеке иш кагаздарын жүргүзүү, кызматтык которулуу жана дайындоолорду документтештирүү сыяктуу иштер кирет. Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо курстарынан өтүүсүн уюштуруу жана аттестациядан өткөрүү маселелери бөлүмдүн тыкыр көзөмөлүндө турат. Мындан сырткары, кадрлар бөлүмү студенттердин да иш кагаздары менен иш алып барат. Бул багытта студенттик документтерди сактоо, алардын академиялык кыймылдарын – башка факультетке, башка университетке өтүүсүн же академиялык өргүү алуусун – каттоо жана эсепке алуу жүргүзүлөт. Ар бир студенттин окуу таржымалына байланыштуу маалыматтар толук жана так сакталуусу бөлүмдүн жоопкерчилиги болуп саналат. Кадрлар бөлүмүнүн инспекторлору университеттеги профессордук-окутуучулар курамынын илимий даражасы, квалификациясы жана педагогикалык тажрыйбасы боюнча маалыматтарды жыйноо жана анализдөө менен да  алектенишет. Бул маалыматтар аттестациялоо учурунда, ошондой эле кадрдык саясатты өркүндөтүүдө чоң мааниге ээ.

Учурда кадрлар бөлүмүнүн иш-аракеттери AVN системасы аркылуу жана AiDoc, Infodocs, E-kyzmat программаларын колдонуу менен жүргүзүлүп, кызматкерлер, профессордук-окутуучулук курам жана магистрант, студенттерге тиешелүү иш кагаздары, Ош МПУнун ишмердүүлүгүндөгү буйруктар, билдирүүлөр, ж.б. тиешелүү иш кагаздары электрондоштурулган.

Кадрлар  бөлүмү университеттин кадрдык ресурстарын башкаруунун борбордук звеносу болуп саналат. Ал студенттердин жана кызматкерлердин документтерин так жүргүзүү менен чектелбестен, жалпы билим берүү процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүнө жана сапаттуу адистерди даярдоого түздөн-түз салым кошот.

 

 

КАДРЛАР САЯСАТЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБО

 

1. ЖАЛПЫ ЖӨНДӨМДӨР

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, башка нормативдик документтерге жана ОшМПУнун Уставына негизделип иштелип чыккан.
1.2. Бул Жобо кадрлар саясатын түзүүнүн принциптерин, аракеттер программасын, аны ишке ашыруу ыкмаларын жана каражаттарын, ошондой эле кадрлар саясатын башкаруу жана көзөмөлдөө системасын аныктайт.
1.3. Университеттин кадрлар саясаты жогорку жетекчилик тарабынан иштелип чыгып, персонал менен иштөө негиздерин жана талаптарын аныктайт.
Кадрлар саясаты Уставда, Коллективдик келишимде, ички эмгек тартибинде, ПОК аттестациясы боюнча жободо жана башка ички документтерде чагылдырылат.
1.4. Университеттин кадрлар саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, эмгек мыйзамдарынын, жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык укуктун нормаларынын, ошондой эле университеттин учурдагы нормативдик укуктук базасынын негизинде курулат.
1.5. Кадрларды камсыздоо системасы кадрлар саясатын камсыз кылган жана анын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн структуралык бөлүмдөрдү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, профессордук-окутуучулар курамын жана университеттин бардык кызматкерлерин кесиптик өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камтыйт.
1.6.
ОшМПУнун кадрлар саясаты университеттин стратегиялык өнүгүү планы менен аныкталат. Кадрлар саясатынын негизги багыттарын аныктоо ректордун компетенциясына кирет.

1.7. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:

  • Кадрлар саясаты – университеттин стратегиялык саясатынын бөлүгү, кадрдык потенциалды университеттин максаттарына жана миссиясына шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берген нормалар жана эрежелер системасы.
  • Кадрдык потенциал – университет менен эмгек байланыштары бар штаттык кызматкерлер жана адистер.
  • Кадрдык иш – администрация жана структуралык бөлүм жетекчилеринин кадрларды пландоо, тандоо, кадрларды камсыздоо, резерв түзүү, окутуу, баалоо, кесиптик жана кызматтык өнүктүрүү, ротация жана социалдык коргоо боюнча ишмердүүлүгү.
  • Кадрлык резерв – университеттин келечектүү кадрларын (докторанттар, жаш илимпоздор, магистранттар, резиденттер, кызматкерлер) камтыган топ.
  • ПОК аттестациясы – кызматкердин өз кызмат ордуна шайкештигин аныктоо, анын квалификация деңгээли жана жеке сапаттары боюнча баалоо. Аттестация атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Аттестациянын максаты – ПОКду тандоо жана жайгаштырууну жакшыртуу, кызматкерлерди квалификациясын жогорулатууга стимулдоо жана кадрларды тарбиялоо.
  • Кызматтык инструкция – кызматкердин милдеттери, талаптары, укуктары жана жоопкерчилиги так аныкталган документ. Кызматтык инструкциялар ректор тарабынан түзүлүп, кол коюлат. Бир көчүрмөсү кадрлар бөлүмүндө, экинчиси структуралык бөлүмдө сакталат.

2. КАДРЛАР САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ ЖАНА ТАПШЫРМАЛАРЫ

2.1. ОшМПУнун кадрлар саясатынын максаты – университеттин максаттарына жетүү үчүн керектүү кесиптик деңгээлге ээ болгон жана миссиясына жооп берген кадрларды түзүү, өнүктүрүү жана башкаруу системасын түзүү.
2.2. Кадрлар саясатынын принциптери:

  • кадрларды камсыз кылуу ишмердүүлүгү университеттин максаттарына жана миссиясына шайкеш болушу;
  • педагогикалык маданият, илимий-методикалык тажрыйба жана кесиптик компетенцияны муундан муунга өткөрүү;
  • кызматкерлер үчүн өсүү жана потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тең камсыз кылуу;
  • конституциялык, эмгек жана социалдык мыйзамдарды сактоо;
  • кадрлар саясаты кесиптик компетенцияны жогорулатууга багытталат;
  • кадрларды баалоодо жогорку талаптар жана объективдүүлүк;
  • кадрларды даярдоо жана резервин түзүү процессинин үзгүлтүксүздүгү жана системдүүлүгү;
  • кадрлардын туруктуулугу жана жаңылануу.

2.3. Университеттин кадрлар саясатынын тапшырмалары:

  • илимий жана педагогикалык кадрларды жаңылоо жана сапатын жакшыртуу;
  • кадрлар саясаты боюнча нормативдик укуктук базаны түзүү;
  • университеттин кадрдык потенциалын талдоо жана баалоо;
  • кадрлык резерв түзүү жана эффективдүү пайдалануу;
  • ПОК аттестациясын уюштуруу жана методикалык камсыздоо;
  • кадрдык керектөөнү прогноздоо;
  • илимий-педагогикалык жана окуу-көмөкчү кадрларды, ошондой эле зарыл кызматкерлерди камсыз кылуу;
  • кадрлардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдоо;
  • социалдык маанини сездирүү жана самореализация шарттарын түзүү;
  • мыкты кызматкерлерди сыйлоо жана мотивациялоо;
  • кадрларды финансылык камсыздоо.

3. КАДРЛАРДЫ КАМСЫЗДОО СИСТЕМАСЫ

3.1. Система университеттин структуралык бөлүмдөрүнө негизделет жана Жободогу тапшырмаларды чечүүгө багытталат.
3.2. Кадрлар саясаты структуралык бөлүмдөр аркылуу ар бир жетекчи жана П
ОК кызматкеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу планынын негизинде ишке ашырылат.
3.3. Перспективдүү пландоо (кеминде 5 жылдык) бөлүмдөгү кадрларды сапаттык стандартка ылайык келтирүү үчүн жүргүзүлөт.
3.4. Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу магистратура, аспирантура жана кошумча билим берүү аркылуу жүргүзүлөт.
3.5. Кадрларды камсыздоо системасынын иш-чаралары:

  • жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо;
  • ОшМПУ жетекчилигин жана декандар, кафедра башчыларын квалификациясын жогорулатуу;
  • университеттин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
  • жогорку квалификациялуу кадрларды жумушка чакыруу.

4. КАДРЛЫК РЕЗЕРВ ТҮЗҮҮ ЖАНА ДАЯРДОО

4.1. Кадрлык резервди түзүү жана даярдоо бардык структуралык бөлүм жетекчилеринин приоритеттүү иши болушу керек.
4.2. Жетекчи кызматка талапкерлерди тандоодо кесиптик, жеке жана иш сапаттарына катуу талап коюу.
4.3. Кафедрада кадрлык резерв – лекция окуган окутуучуларды даярдоо, академиялык даража жана наамы бар окутуучулар менен тажрыйба бөлүшүү.
4.4. Кадрлык резерв менен иштөө: пландоо, тандоо, түзүү, окутуу.
4.6. Ваканттуу орундарды эске алуу жана перспективдүү студенттерди, кызматкерлерди мониторингдөө.
4.7. Кадрлык резерв менен иштөө: прогноз түзүү, кандидаттарды тандоо, маалымат алуу, резервди түзүү.

5. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

5.1. Университет кызматкерлеринин укуктары:

  • кадрларды камсыз кылуу программасында катышуу;
  • маалымат алуу;
  • квалификацияны жогорулатуу

5.2. Университет кызматкерлеринин милдеттери:

  • нормаларга жана Жобого ылайык иштөө;
  • кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу;
  • PhD даражасынан кийин 3-5 жыл ичинде доцент наамын алуу.

6. БАРДЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

6.1. Жетекчилер милдеттери:

  • кадрлар саясатын түзүү жана жөнгө салуу;
  • кадрлык резерв түзүү жана жаш адистерге квота берүү;
  • кадрларды квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
  • стимулдарды үзгүлтүксүз жакшыртуу.
    6.2. Жетекчилердин укуктары:
  • кадрлар саясаты боюнча нормативдик укуктук базаны түзүү;
  • кадрларды мониторингдөө жана маалыматтык системаны киргизүү;
  • кадрларды жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздоо;
  • мотивация жана стимул түзүү;
  • штаттык структураны өркүндөтүү.

7. ЖЕТЕКЧИЛЕР ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

Жетекчилер жана кызматкерлер кадрлар саясаты боюнча тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликке ээ.

8. КАДРЛАР САЯСАТЫН БААЛОО КРИТЕРИЯЛАРЫ

8.1. Баалоо эки фактор боюнча жүргүзүлөт:

  1. кадрларды өнүктүрүүнүн университет максаттарына таасири;
  2. жооптуу аткаруучулардын иш сапаты.
    8.2. Баалоо критерийлери:
  • кадр көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы;
  • ПОК аттестациясы жана тандоо;
  • коллективдин туруктуулугу;
  • жогорку квалификациялуу адистердин саны;
  • финансылык ресурстардын эффективдүүлүгү;
  • кызматкерлердин канааттануусу;
  • мотивациялык климаттын өзгөрүшү;
  • корпоративдик саясатка ылайык иштөө.

Жаңы кадрларды ишке алуу жөнүндө жобо

 

Бул Эреже А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетине (мындан ары — Университет) жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу тартибин жөнгө салуучу ички тартипти аныктайт.

 

I. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИНИН ЖАРАЛЫШЫНЫН НЕГИЗДЕРИ

1.1. Эмгек мамилелери кызматкер менен университеттин ортосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзүлгөн эмгек келишими негизинде пайда болот.

1.2. Эгер кызматкер университеттин ректорунун маалымдуулугу жана тапшырмасы менен ишке киришсе, анда эмгек мамилелери эмгек келишимине карабастан, расмий түрдө түзүлгөн-болбогонуна карабай, эмгек келишиминин негизинде жаралат.

 

II. ЖУМУШКА КАБЫЛ АЛУУ

2.1. Университетке жумушка кабыл алуу университет менен кызматкердин ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.

2.2. Эмгек келишими жазуу түрүндө түзүлөт, эки нускада даярдалат жана эки тарап тең кол коёт. Бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси университеттин кадр кызматы тарабынан сакталат.

2.3. Университет жетекчисинин буйругу же анын уруксаты менен кызматкер жазуу түрүндөгү келишим түзүлө электе ишке кирише алат. Мындай учурда кадр кызматы кызматкер менен эмгек келишимин жазуу түрүндө үч күндөн кеч эмес мөөнөттө расмийлештирүүгө милдеттүү.

2.4. Эмгек келишими түзүлгөндө төмөнкү документтер талап кылынат:

  • Жеке инсанды тастыктаган паспорт же башка документ;
  • Эмгек китепчеси (биринчи жолу жумушка кирген же кошумча ишке орношкондордон башка учурда);
  • Пенсиялык камсыздандыруу күбөлүгү;
  • Аскердик каттоо документтери (аскерге милдеттүү жарандар үчүн);
  • Билими, квалификациясы же адистиги жөнүндө документ (эгер жумуш атайын билимди талап кылса);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер.

Эгер кызматкер биринчи жолу жумушка кирсе, анда ага эмгек китепчеси жана мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу күбөлүгү кадр кызматы тарабынан ачылат.

2.5. 2.4-пунктта көрсөтүлгөн документтерсиз жумушка кабыл алуу жүргүзүлбөйт.

2.6. Кызматкердин кесиптик жана иштик сапаттарын жакшыраак баалоо максатында администрация андан мурдагы иши тууралуу кыска мүнөздөмө (резюме) талап кыла алат.

2.7. Көпчүлүк учурда жумушка кабыл алуу үч айга чейинки сыноо мөөнөтү менен жүргүзүлөт (кызматка  жараша).

 

III. ЖУМУШКА КАБЫЛ АЛУУНУ РАСМИЙЛЕШТИРҮҮ

3.1. Жумушка кабыл алуу университеттин кадр кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

3.2. Жумушка кабыл алуу жетекчинин буйругу менен расмийлештирилет жана ал буйрук эмгек келишиминин шарттарына ылайык болушу керек.

3.3. Буйрук кызматкерге эмгек келишимине кол коюлган күндөн тартып үч күндүн ичинде тааныштырылат. Кызматкер талап кылса, анын көчүрмөсү нотариалдык түрдө тастыкталган абалда берилүүгө тийиш.

3.4. Жумушка кабыл алынганда кадр кызматы кызматкерди университеттеги ички эмгек тартиби, буйруктар, жоболор, көрсөтмөлөр жана башка локалдык актылар менен тааныштырып, коммерциялык жана кызматтык сырды сактоо милдети тууралуу маалымдоого жана жоопкерчилик чаралары жөнүндө эскертип коюуга милдеттүү.

 

IV. КЫЗМАТКЕРДИН ЖЕКЕ ИШИ

4.1. Университетке жумушка алынган ар бир кызматкер үчүн жеке иш папкасы ачылат. Ал кадр кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Эгер кызматкер башка уюмга которулса, жаңы уюмдун расмий өтүнүчү боюнча иши персоналдык маалыматтарды коргоо мыйзамдарын сактоо менен өткөрүлүп берилет. Бир кызматкер боюнча бир эле иш жүргүзүлөт. Саясий, диний көз караштар же жеке жашоого байланыштуу маалыматтарды топтоого тыюу салынат.

4.2. Жеке ишке төмөнкү документтер киргизилет:

  1. Жумушка кабыл алуу тууралуу арыз (которулса — каттын көчүрмөсү менен);
  2. Өмүр баяны;
  3. Эмгек китепчесинин же аскердик кызмат өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
  4. Дипломдордун жана билим жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
  5. Илимий наам, даража тууралуу документтер;
  6. Мамлекеттик же башка купуя маалыматтар менен иштөөгө уруксат документтери (эгер кызмат милдеттери ушуну талап кылса);
  7. Сыйлыктар тууралуу документтер;
  8. Конкурстук негизде дайындалган учурда — конкурс комиссиясынын чечими;
  9. Кызматка дайындоо жөнүндө буйрук;
  10. Кадрдык маалымат баракча (объективка);
  11. Кадрдык анкета;
  12. Кадрдык анкетанын кошумчасы;
  13. Үй-бүлөлүк абалдын өзгөрүүсү тууралуу документ;
  14. Должносттук жылыш жөнүндө буйрук;
  15. Квалификация жогорулатуу тууралуу документтер;
  16. Сыйлыктар жана ардак наамдар боюнча документтер;
  17. Сөгүш же тартиптик чаралар боюнча документтер;
  18. Аттестациядан өткөндүгүн тастыктаган документтер;
  19. Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча документтер;
  20. Кызматкердин өз иши менен таанышкандыгы жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
  21. Эмгек акы боюнча документтер.

4.3. Эгер кызматкер Эмгек  кодекси боюнча милдеттүү эмес маалыматтарды берүүнү каалабаса, анда алар анын жеке ишине анын макулдугу менен гана киргизилет.

4.4. Кадр кызматы кызматкердин жеке маалыматтарын коргоого милдеттүү.

4.5. Кызматкер үй-бүлөлүк абалынын, жашаган жеринин, телефонунын, аскердик милдетинин, билиминин деңгээлинин өзгөрүүсү жөнүндө маалыматты бир ай ичинде кадр кызматына берүү милдетин аткарууга тийиш.

 

V. КЫЗМАТКЕРДИ ЖУМУШТАН БОШОТУУ

5.1. Кызматкерди жумуштан бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, алдын ала жазуу түрүндөгү эскертүү жана тиешелүү компенсация төлөө менен жүргүзүлөт.

5.2. Бардык учурларда кызматкерди бошотуу күнү анын акыркы иш күнү болуп эсептелет.

5.3. Жумуштан бошотуу университет жетекчисинин буйругу менен расмийлештирилет.

5.4. Акыркы иш күнү кадр кызматы кызматкерге эмгек китепчесин жана анын жазуу түрүндөгү өтүнүчү боюнча ишке байланыштуу бардык документтерди берүүгө милдеттүү. Аларга төмөнкүлөр кирет: жумушка кабыл алуу буйругунун көчүрмөсү, которуу буйруктары, бошотуу буйругу, эмгек китепчесинен үзүндү, эмгек акы жана иш стажы боюнча маалымкаттар ж.б. Бул документтер кадр кызматынын колу жана мөөрү менен тастыкталууга тийиш.

5.5. Акыркы иш күнү каржы кызматы кызматкер менен эсеп-кысапты толук жүргүзүүгө милдеттүү.

5.6. Эгер кызматкер бошотулган күнү эмгек китепчесин ала албай калса же баш тартса, кадр кызматы ага эмгек китепчесин алып кетүү же почта аркылуу жөнөтүүгө макулдук берүү тууралуу билдирүү жөнөтөт.