ТАНАПИС АЛБАГАН ТАРБИЯ ИШТЕРИ
Назымов Мунарбек Бурханович – Тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ректордун жардамчысы
Ош МПУнун маданий тарбиялык жашоосун ар тараптуу жана кызыктуу уюштуруу жолго коюлуп, тарбия берүүгө, студенттердин дүйнө таанымын өстүрүүгө, таланттуу жаштарды колдоого карата арналган иш – чаралардын өтүүсү коштолуп келет. Ар бир иш-чара максатка ылайык негиздүү жана жаштардын руханий-моралдык жактан өсүп-өнүгүүсүнө багытталгандыгы менен айырмаланып турат. Бул саамалыктардын арты менен канчалаган жаштардын таланты ачылып, жаңы бурулуштарга кадам таштоого өбөлгө түзөт. Алсак, жыл сайын салтка айланган окуунун мыктыларына арналган «Мыктылар кечеси» студентердин мыкты көрсөткүчтөрүн баалап, атайын аларга колдоо көрсөтүүнү ишке ашырса, бул менен катар эле «Таланттарды издейбиз», “Ректордун БИЛИМ кубогу”, “Тил өнөктүгү”, “Жаштар күнү”, “Спорт сересинде” аталышындагы бир канча мыкты иш-чаралар таланттуу студенттердин чөйрөсүн кеңейтип, өз ара ички биримдигин чыңдап, аларга жакындан колдоо көрсөтүүдө мыкты натйыжа болууда.
Окуу жайда студенттердин өзүн өзү башкаруу түзүмү активдүү иштеп келе жатат. Ар бир факультеттин курамында жаштар комитетинин түзүмү иш алып баруу менен ага кирген студенттик топтор бир максат астында куралып, белгилүү бир салтанаттуу күндөргө карата ар кандай мазмундагы иш чараларды жогорку денгээлде жаштык жигер менен уюштуруп келишүүдө. Алардын бул аракеттери аркылуу жаштардын билим алууга, китеп окууга, жандуу атмосфера түзүүдө, спорт менен ынак болууга, ар кандай коомдук терс көрүнүштөрдүн алдын алууга, өлкөбүздөгү жаштардын ордун аныктоодо жана жеке инсандык жаран катары Ата Журтун, Мекенин сүйүүгө болгон мекенчилдик сезимин ойготуп, студенттик алдын доордун бактылуу ирмемдерин өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Билим берүү сапатынын көрсөткүчү дал ушул жаштар аркылуу аныкталгандыгы талашсыз, ага ылайык бүгүнкү күндө регионалдык жана республикалык олимпиадаларда, окуу жараянына активдүү катышуу менен зор жетишкендиктери камсыздаган студенттерге, ошондой эле спорт айдыңында алдынкы орундарды багындырган спортчулар үчүн окуу жай жана демөөрчүлөр тарабынан стипендиялар, каржылык, моралдык колдоолор берилип келет. Бул менен бирге жыл сайын берилүүчү Президенттик «Үмүт» стипендиясын да окуу жайыбыздан эң мыкты студенттери алып келүүдө.
Алгылыктуу аткарылган аракеттердин айдыңында жаштар менен биргеликте кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты даңазалоо, улуттук оюндардын жандуу көргөзмөсү, улуу инсандарды эскерүү, заманбап технологияларды өздөштүрүү, Ата Журт күткөн асыл муун семинарлары, жаштар арасындагы китеп окуу флешмобдору, үйрөнүүгө үрөн катары жаңы кесиптер жарманкеси сыяктуу пайдалуу иштер тынымсыз өткөрүлүп келет.
Замандын талабына жараша жаштардын көптү билүүгө, жаңы ачылыштарга умтулуусу артып баруусуна карата дайыма үзгүлтүксүз аракеттер жасалып келет. Бул муктаждыкты жолго коюу максатында алдыңкы студенттердин билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, китеп окуп, жеке изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө, лабораториялык иштерди аткаруусуна бардык шарттар каралып. Жаңы муундун өкүлдөрү үчүн тил үйрөнүү үчүн борборлор, улуттук каада-салтты терең үйрөнүүгө карата рух борборлору иш жүргүзүп, аны менен катар жаштар арасында жаңы идеяларды ишке ашыруу жана аларды колдоо маселелери да жакшы жолго коюлган. Ал үчүн тиешелүү чаралар каралып келет.
Студенттер үчүн дагы бир көңүл борборун тарткан жана эң маанилүү орун аталган жер бул - ЖАТАКАНА экендиги талашсыз. Учурда окуу жайда 650 орундуу студенттик жатакана заман талабына ылайыкташтырылган, акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар менен жабдылган абалда студенттер үчүн компьютердик залдар, окуу залы, акысыз wi-fi, атайын ашкана жана түрдүү ийримдер менен иш алып баруучу топтор иштеп келе жатат.
Азыркы мезгилдин кырдаалына жараша студенттердин үнүн коомго жеткирүү, коомдук-маданий көз карашын калыптандыруу жана жаңы маалыматтар менен камсыздоо максатында окуу жайыбызда студенттик “Студ.KG”, «МУРАС» телестудиясы иш алып баруу менен студенттердин турмушун чагылдырып, алардын билим алуудагы жаңы маалыматтарга ээ болуусун камсыздап келет.
Ош мамлекеттик педагогикалык университети түштүк аймакта гана эмес бүтүндөй республикабызда бирден бир мыкты спортту жогорку чекке алып чыккан окуу жай болуп саналат. Анткени, окуу жайдын базасында футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, чоң теннистик корт, гимнастикалык залдар бар, аталган спорт жайларында тынымсыз машыгуулар, ден соолукту чындоо акциялары, атайын окуу-машыгуулар өтүп турат. Окуу жайда жаштар арасында спорттук иш-чаралар байма-бай уюштурулуп келет. Ошондой эле студенттер үчүн волейбол, баскетбол, футбол, жеңил атлетика, шахмат, стол тенниси улуттук оюндардан тогуз коргоол, ордо жана башка спорттук секциялар үзгүлтүксүз иш алып барат.
Окуу жайда түзүлгөн шарттардын баары бир гана негизги максатты көздөйт, ал дал ушул жаштардын унгулуу улутубуздун жаркын келечеги үчүн салым кошо алган, инсандык дарамети бийик, интеллектуалдык билими жогору, мекенчил инсан катары калыптануусуна карай багыттоосу каралган.
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ жана КООМДУК-МАДАНИЙ, ТАРБИЯЛЫК, СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАР
Университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана маданий мурастарды сактоого, уңгужолдун угутун улантууга карата багытталган тарбиялык максатты көздөгөн ар түрдүү иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Мындай мазмундагы иш-чаралар КРдин Президентинин Жарлыктарына, КРдин Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин атайын көрсөтмөлөрүнө жана КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын иш-пландарына, программаларына ылайык жүргүзүлүп келет. Бул тармакты тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ректордун жардамчысы Назымов Мунарбек Бурханович менен бирге Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Исамидин уулу Бектурали жетектеп, ар кандай багыттагы максаттуу иш-чараларды планга ылайык негиздүү уюштуруп келишет.
Жыл сайын салтка ылайык белгиленип келе жаткан мамлекеттик тил күнүнө арналган илимий конференциялар, тегерек столдор жана адабий кечелер, онлайн сынактар, сабаттуулукка үндөгөн акциялар, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө карата багытталган окутуулар студенттер менен окутуучулардын тилге болгон сый-урматын, мамлекеттик тилди колдонуу муктаждыгын арттырууга өбөлгө түзөт. Бул менен катар, улуттук жана мамлекеттик майрамдарга арналган салтанаттуу маданий иш-чаралар, концерттик программалар жана чыгармачыл кечелер жаштардын мекенчил сезимин калыптандырууга, кыргыз наркын сактоого, жайылтууга, биримдик менен достукту чыңдоого багытталат.
Аталган аракеттердин натыйжасы менен учурда жүргүзүлүп жаткан маселелер эске алынып окуу жайда көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилдин жана символдордун элементтери сакталган абалда бирдей калыпка салуу , иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери, атайын тескөөчү кызматкерлер үчүн окутуулар, санариптик сабактарды уюштуруу, жасалма интеллект платформасын пайдалануу, технологиялык сайттардын түзүмүн мамлекеттик тилде ишке ашыруу өндүү бир канча масштабдуу иштерди да аткаруу менен өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.