Долонова Гульмира Маматовна

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Табият таануу жана география факультетинин деканы

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

  • Туулган күнү: 18.04.1967-ж.
  • Илимий даражасы: Биология илимдеринин кандидаты (КР ЖАКтын 02.03.2023-ж. чечими менен берилген).
  • Илимий наамы: Доцент.
  • Базалык билими: Жогорку. Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык институту (ОГПИ), 1989-ж.
  • Адистиги: Биология жана химия мугалими.

ИЛИМИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

  • Диссертациянын темасы: «Түштүк кыргыздарынын салттуу билимдеринде колдонулган өсүмдүктөрдү этноботаникалык изилдөө» (30.09.2022-ж. корголгон).
  • Илимий багыты: Ботаника, этноботаника, аймактагы пайдалуу өсүмдүктөрдүн ресурстарынын азыркы абалына баа берүү.
  • Илимий эмгектери: 40тан ашык илимий макаланын автору (Scopus, РИНЦ жана башка эл аралык индекстелген журналдарда жарыяланган).
  • Усулдук иштери: 3 усулдук колдонмонун жана 2 лабораториялык-практикалык иш дептеринин автору.

ЭМГЕК ЖОЛУ

  • 2024 — азыркы убакта: Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) Табият таануу жана география факультетинин деканы.
  • 2009 — 2019-жж. ОшМПУ, Табият таануу жана география факультетинин «Биология жана химия» кафедрасынын башчысы.
  • 2006 — 2009-жж. ОГПИ, Табият таануу жана математика факультетинин «Биология жана биологияны окутуунун усулдары» кафедрасынын башчысы.
  • 2004 — 2005-жж. ОГПИ, Тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы.
  • 2002 — 2003-жж. ОГПИ, Табият таануу жана педагогика факультетинин окутуучусу.
  • 1996 — 2001-жж. Ош ш., А. Навои атындагы №18 гимназия мектеби, жогорку категориядагы мугалим, секция башчысы.
  • 1989 — 1995-жж. Ноокат району, «Көк-Жар» орто мектеби, 1-категориядагы биология мугалими.

ЭКСПЕРТТИК ЖАНА ТРЕНЕРДИК ИШМЕРДҮҮЛҮК

1. Эл аралык долбоорлордогу ишмердүүлүгү:

  • USAID «Окуу керемет» долбоору: Башталгыч класстарда математиканы окутуу боюнча сертификацияланган тренер (2021).
  • ЮНИСЕФ «Девочки в науке» долбоору: Илимий багыттагы кыздар үчүн долбоордун эксперти жана ментору (2021).
  • USAID «Женские инициативы во имя мира» долбоору: Конфликттерди башкаруу жана социалдык-бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тренер-фасилитатор (2013, 2022).
  • CLIL методикасы: Предметти жана тилди интеграциялап окутуу методикасы (CLIL) боюнча эл аралык деңгээлдеги адис (2018).

2. Билим берүү тармагындагы эксперттик иштери:

  • Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу: ОшМПУнун Мугалимдердин билимин өркүндөтүү бөлүмүндө усулчу-лектор.
  • Мамлекеттик стандарттарды ишке ашыруу: КРнын мектеп билим берүүсүндөгү предметтик стандарттарды киргизүү боюнча мектеп мугалимдерине методикалык жардам көрсөтүүчү башкы адис.
  • Педагогикалык инновациялар: ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучулары үчүн «Креативдүү сабак өтүү – замандын талабы» аттуу автордук семинарлардын тренери.

КЕСИПТИК ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ ЖАНА КӨНДҮМДӨРҮ

  • Сыйлыктар: «Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси.
  • Наамдар: «Креативдүү окутуучу» наамынын ээси жана «Мыкты онлайн сабак» номинациясынын жеңүүчүсү (ОшМПУ).
  • Кызыкчылыктары: Билим берүү сапатынын заманбап көйгөйлөрүн анализдөө жана инновациялык окутуу технологиялары.
  • Компьютердик сабаттуулугу: Microsoft Word, Excel, Internet Explorer жана санариптик билим берүү платформаларында эркин иштейт.

БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТТАРЫ

  • Дареги: 723501, Кыргызстан, Ош ш., Ак-Буура к/р, 5-көчө, 17-үй.
  • Телефон: +996 772 75 22 68 (WhatsApp)
  • Электрондук почта: dolonova11@mail.ru