ОшМПУнун 5 магистранты Италияда окууга жолдомо алышты
ЭРАСМУС+ долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 5 студенти Италиядадагы университетке окууга жолдомо алышты.
«Борбордук Азия» аймагы үчүн 2025-жылкы конкурстун (CALL2025) натыйжасында университеттин 5 магистранты Италиянын Чиети-Пескара шаарындагы «Габриеле д’Аннунцио» университетинде 2025/2026-окуу жылынын жазгы семестринде (1-март – 31-июль, 2026) окуу укугун алуу үчүн расмий жолдомо чакыруу каттарын алышты.
Бул жетишкендик ЭРАСМУС+ KA171 долбоорунун кредиттик мобилдүүлүк боюнча окуу жайдын координатору Гүлзада Сагынбаеванын 2025-жылдын 26-октябрынан 1-ноябрына чейин Италиянын Пескара шаарындагы «Габриеле д’Аннунцио» университетине өткөргөн иш сапарынын жемиштүү натыйжасы болуп саналат.
Ага ылайык окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ЭРАСМУС+ KA171 – «Билим берүү, үйрөтүү жана окутуу боюнча студенттердин мобилдүүлүгү» долбоорунун алкагында ийгиликке жетишкен магистранттар менен жолугушту. Ага университеттин илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, окуу жайдын ЭРАСМУС+ долбоорунун жумушчу тобунун мүчөлөрү жана активдүү студенттер катышты.
Мында ректор Бекмурза Зулуев магистранттарга жолдомо каттарын тапшыруу менен, аларга чет элдик университетте окуудан, илимий тажрыйбадан жана эл аралык досторду табуудан максималдуу пайда алып келишине тилектеш экенин билдирди. Ал окуу процессинде ийгиликти, жаңы билимдерди жана өнүгүүнү каалоо менен катар мобилдүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, башка студенттерди да ЭРАСМУС+ сынактарына жигердүү катышууга үндөдү.
Андан соң окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров сөзгө чыгып, бул мобилдүүлүктү окуу жайдын илимий потенциалын жогорулатуу жана профессордук окутуучулар курамынын эл аралык тажрыйбасын арттыруу үчүн маанилүү кадам деп баса белгиледи.
Жолдомо алган студенттердин ар бири окуу жайдын талапкерлик комиссиясынын сынагын ийгиликтүү тапшырып, долбоордун бардык талаптары боюнча документтерин толук даярдашкан. Бул жетишкендик окуу жайдын эл аралык байланыштарын кеңейтүүдөгү ийгиликтерин далилдеп, анын дүйнөлүк академиялык мейкиндикке интеграциялоо саясатынын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.
Окууга өткөн магистранттар:
1. Бактыбек кызы Алина ФБК-1-25
2. Омор кызы Зуура ФОИ-1-24
3. Назарова Алия ФБК-1-24
4. Нуркул кызы Перизат ФММ-1-24
5. Шамшибекова Нуриза ФБК-1-25
Жаңы комментарий кошуу