Кафедранын түзүлүшү жөнүндө маалымат

2002-жылы педагогикалык колледж Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин структуралык бөлүмү болуп ачылган. Педагогикалык колледжде Математика, физика жана информатика секциясы уюштурулуп, секцияны Абдывасиева З. жетектеген.
2003–2004-жылдары секцияны Тургунбаева М. жетектеген.
2004-жылы 30-августта педагогикалык багыттагы адистиктен башка да адистиктер кабыл алынгандыктан, ректордун №110 буйругу менен педагогикалык колледж колледж болуп өзгөртүлгөн.
2004–2006-окуу жылдары секцияны Мамарасулова А. жетектеген.
2006-жылдын сентябрь айынан баштап Табият таануу, Математика, физика жана информатика секциялары биригип, Табигый илимдер секциясы деп аталып, секция жетекчилигине К.У. Нурмаматова дайындалган.
2015-жылдын 1-сентябрынан ректордун буйругунун негизинде Табигый илимдер секциясы Табигый илимдер кафедрасы деп аталган.
2016-жылдын 15-сентябрынан ректордун №07-01.06 §3 буйругунун негизинде Табигый илимдер кафедрасынан Компьютердик системалар жана комплекстер адистигине тиешелүү предметтер, математика, информатика, физика предметтери бөлүнүп чыгып, Информатика жана математика кафедрасы түзүлгөн. Кафедра башчысы болуп Н.А. Сооронбаева дайындалган.

Кафедрада жалпы 29 окутуучу иштейт: 27 штаттык окутуучу жана 2 көмөкчү. Алардын ичинен 15и — математик, 5и — физик, 8и — информатик, 1 лаборант бар.
Кафедрада педагогика илимдеринин кандидаты, доцент — Оморов Ш.Д. эмгектенет.
Ошондой эле, 3 «Эл агартуунун мыктысы» — Миңбаева А., Мамарасулова А., Сооронбаева Н.; 8 магистр — Сооронбаева Н., Бөрүбаева К., Калыева Н., Жумашева Л., Аркалыкова Э., Тажикова М., Маматбек уулу К., Жакыпова Р.; 2 аспирант — Авазова Ч., Надырбекова Г. иш алып барышат.